Минскте Александр Лукашенконун ант берүү аземи өтүүдө

Дүйнө Загрузка... 25 Март 2025 15:20
RIA_6340388.HR_ (1).jpg
copyright icon www

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 25.03.25. /Кабар/. Минскте Беларустун президенти Александр Лукашенконун ант берүү аземи өтүүдө.

БелТА агенттиги маалымдагандай, Беларустун кайрадан шайланган президенти Александр Лукашенконун ант берүү аземи Көз карандысыздык сарайында өтүп жатат. Анда Боршайкомдун төрагасы шайлоонун жыйынтыгы боюнча, Лукашенко өлкө башчысы болуп дайындалгандыгын билдирип, президенттин күбөлүгүн тапшырды.

Инаугурация Беларус президентинин расмий сайты, “Первый информационный", "Беларусь 1", ОНТ, СТВ, "МИР" телеканалдары жана БелТАнын YouTube-каналы аркылуу түз алып көрсөтүлүүдө.

Иш-чарага жалпысынан 1100 адам катышууда.

Белгилей кетсек, Александр Лукашенко 26-январда өткөн шайлоодо жеңишке жетип, шайлоочулардын 86,82% добушун алган. Лукашенко ушуну менен президенттик кызматка жетинчи жолу расмий киришип жатат.