Касымалиев Бишкектеги бир катар жол жана көпүрөлөрдүн курулушу менен таанышты

Министрлер кабинети 13 Май 2026 19:40
6a0475c8ddbb8.jpeg
6a0475cf529aa.jpeg
6a0475c9548bd.jpeg
6a0475c7b7c60.jpeg
6a0475b1bc801.jpeg
Алдыга
Артка
6a0475c8ddbb8.jpeg
6a0475cf529aa.jpeg
6a0475c9548bd.jpeg
6a0475c7b7c60.jpeg
6a0475b1bc801.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 13.05.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Ачык кабинет” медиа долбоорунун алкагында Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы бир катар жолдордун жана көпүрөлөрдүн курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. 

Алгач минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев борбор калаадагы түндүк айланма жолунунун курулушунан кабар алды. 

Иштин жүрүшү тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин, Бишкек шаардык мэриясынын жетекчилери маалымат беришти. 

Бишкек шаарынын түндүк айланма жолунун жалпы узундугу 33,4 чакырымды түзөт. Бул айланма жолун куруу ишине жалпы 150гө жакын атайын техника тартылып, 500дөн ашуун жумушчу эмгектенүүдө. 

Белгилей кетсек, Кыргызстанда транспорттук инфраструктураны жакшыртууга, борбор калаанын айланасындагы унааларды өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга жана жолдогу унаа тыгындарын азайтууга багытталган ири долбоорлордун бири, учурда куруу жана реконструкциялоо иштери активдүү уланууда.

Андан соң минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев Ч. Валиханов көчөсүндө Бишкек жылуулук электр борборунун техникалык каналдары аркылуу курулуп жаткан көпүрөнүн курулушу, ошондой эле бир катар жолдордун реконструкциялоо жана кеңейтүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. 

Маселен, көпүрөнүн жалпы узундугу – 92 м, ал эми туурасы – 32 м болгон объектинин курулуш иштерин бүткөрүү үстүбүздөгү жылдын күз айларына карата пландалууда.