Касымалиев алдыдагы ири эл аралык иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөрүүнү тапшырды

Министрлер кабинети 04 Август 2026 13:05
6a7189da66e46 (1).jpeg
6a718a2d68105.jpeg
6a718a13da3c4.jpeg
6a718a137edd6.jpeg
6a718a133bbd0.jpeg
6a718a131542a.jpeg
6a718a12d776f.jpeg
6a718a127617e.jpeg
6a718a1216ca4.jpeg
6a718a11477e1.jpeg
6a718a1101960.jpeg
6a718a10c49c3.jpeg
6a718a107ccff.jpeg
6a7189c556990.jpeg
Алдыга
Артка
6a7189da66e46 (1).jpeg
6a718a2d68105.jpeg
6a718a13da3c4.jpeg
6a718a137edd6.jpeg
6a718a133bbd0.jpeg
6a718a131542a.jpeg
6a718a12d776f.jpeg
6a718a127617e.jpeg
6a718a1216ca4.jpeg
6a718a11477e1.jpeg
6a718a1101960.jpeg
6a718a10c49c3.jpeg
6a718a107ccff.jpeg
6a7189c556990.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 04.08.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги алдында президенттин администрациясынын кезектеги аппараттык жыйыны өткөрүлдү.

Отурумда алгач минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев жакында эле Ысык-Көл облусунда өткөрүлгөн Борбор Азия мамлекеттеринин жана Азербайжандын мамлекет башчыларынын бейформал консультативдик жолугушуусу, ошондой эле UIM F1H2O дүйнө чемпионаты аны менен бир катар иш-чаралардын ийгиликтүү өткөрүлгөнүн белгиледи. 

Адылбек Касымалиев Кыргызстанда алдыда эл аралык жана мамлекеттик деңгээлдеги иш-чаралардын болорун белгиледи. Атап айтканда, быйыл Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын катышуусунда ШКУнун мааракелик саммити жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөрүлөт. 

Бул маанилүү иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү маселелерине байланыштуу тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жетекчилери иштердин аткарылышы тууралуу маалымат беришти. 

Талкуунун жыйынтыгында минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев тиешелүү мамлекеттик органдарга ШКУ саммитинин алкагында кол коюла турган документтердин каралышы, ошондой эле пландалган иштерди графикке ылайык жүргүзүп өз убагында бүткөрүү жана алдыдагы иш-чаралардын жогорку уюштуруучулук деңгээлде өткөрүлүшүн камсыз кылуу боюнча комплекстүү чараларды көрүү сыяктуу бир катар тапшырмаларды берди.