Минкаб Камбар-Ата-2 ГЭСине инвестициялык насыя алуу долбоорун жактырды

Министрлер кабинети 09 Июнь 2026 09:45
6a26cac3cadf0.jpeg
6a26cac3b4bb8.jpeg
6a26cad794928.jpeg
6a26cac6c793e.jpeg
6a26cac671826.jpeg
6a26cac64e448.jpeg
6a26cac559b3a.jpeg
6a26cac51cd98.jpeg
6a26cac483905.jpeg
6a26cac45c195.jpeg
Алдыга
Артка
6a26cac3cadf0.jpeg
6a26cac3b4bb8.jpeg
6a26cad794928.jpeg
6a26cac6c793e.jpeg
6a26cac671826.jpeg
6a26cac64e448.jpeg
6a26cac559b3a.jpeg
6a26cac51cd98.jpeg
6a26cac483905.jpeg
6a26cac45c195.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 09.06.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында министрлер кабинетинин кезектеги жыйыны өтүп, анда маанилүү маселелер каралды.

Анда Кыргызстан менен Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун ортосундагы "Камбар-Ата-2 ГЭСинин үстүңкү суу төкмөсүн куруу" долбоорун каржылоо үчүн Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан инвестициялык насыя берүү жөнүндө макулдашуунун долбоору каралды.

Бул боюнча энергетика министри Таалайбек Ибраевдин баяндамасы угулду. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү — 2026—2029-жылдар аралыгы.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Нарын дарыясында жайгашкан Камбар-Ата-2 ГЭСинин жалпы долбоордук кубаттуулугу 360 МВтты түзөт. Долбоор ишке ашырылса, ГЭСтеги гидроагрегаттардын жүктөмүн авариялык абалдан чыгарууда станциянын коопсуз иштөө режимин камсыз кылып, электр энергияны өндүрүүнүн кубаттуулугун жогорулатат.

Баяндамадан соң министрлер кабинетинин мүчөлөрү тарабынан министрлер кабинетинин тескемесинин долбоору жактырылды. Макулдашуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Жогорку Кеңеш тарабынан ратификацияланып, ага кол коюлгандан соң күчүнө кирет.

Отурумда мындан тышкары электр энергия, күйүүчү-майлоочу май, коммуналдык төлөмдөргө байланышкан тарифтер, азык-түлүк баалары жана инфляция маселелери каралып, бир катар протоколдук тапшырмалар берилди.