Минкаб Бишкектин Башкы планы боюнча токтом долбоорун жактырды

Министрлер кабинети 25 Апрель 2026 12:19
69eb85da042cb.jpeg
69eb85d9d74c7.jpeg
69eb85ef2f8e1.jpeg
69eb85ef07a8e.jpeg
69eb85ee3e740.jpeg
69eb85eaaa1d1.jpeg
69eb85ea527dc.jpeg
69eb85ea203de.jpeg
69eb85ea0ed4e.jpeg
69eb85e9b7a7b.jpeg
69eb85e9b3551.jpeg
Алдыга
Артка
69eb85da042cb.jpeg
69eb85d9d74c7.jpeg
69eb85ef2f8e1.jpeg
69eb85ef07a8e.jpeg
69eb85ee3e740.jpeg
69eb85eaaa1d1.jpeg
69eb85ea527dc.jpeg
69eb85ea203de.jpeg
69eb85ea0ed4e.jpeg
69eb85e9b7a7b.jpeg
69eb85e9b3551.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 25.04.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги алдында кезектеги жыйын өттү. 

Отурумда алгач 2025-2030-жылдарга Кыргызстанда коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегиянын 2025-жылга карата аткарылган иштери тууралуу Башкы прокуратуранын маалыматы угулду. 

Мамлекеттик стратегия – 13 стратегиялык багытты жана 137 коррупцияга каршы иш-чараларды камтыган системдүү чаралардын комплексин түзөт, анда 40ка жакын мамлекеттик орган негизги аткаруучу болуп аныкталган. Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегиянын 2025-жылдын ичиндеги ишке ашырылышына жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы боюнча бир катар мамлекеттик органдардын бул багыттагы ишмердүүлүгү белгиленди. 

Андан соң отурумдун катышуучулары Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки Башкы планын бекитүү жөнүндө министрлер кабинетинин токтомунун долбоорун карап, талкуудан соң бекитип беришти. Чечимдин максаты – Бишкек шаарын туруктуу социалдык-экономикалык өнүктүрүү, аймакты өнүктүрүүнү пландоо, функциялык зоналарды белгилөө, республикалык жана жергиликтүү мааниде пландалган объекттерди аныктоо, шаар куруу ишин жүзөгө ашырууда адамдын коопсуздугун жана жагымдуу жашоо-тиричилик шарттарын камсыз кылуу, айлана-чөйрөгө чарбалык жана башка иштин терс таасирин чектөө, аймакты жана жаратылыш ресурстарын учурдагы жана келечек муундардын кызыкчылыгында коргоо жана сарамжалдуу пайдалануу. 

Мындан тышкары, “Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору каралып жактырылды. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин  кароосуна жөнөтүлөт.