Минкаб башчысы Ысык-Көлдөгү жолдордун курулушунун жүрүшүн текшерди

Министрлер кабинети 14 Март 2026 16:16
69b52ab235981-thumb.jpeg
69b52ab4af758-thumb.jpeg
69b52ab6e5a1b-thumb.jpeg
69b52ab8f23ed-thumb.jpeg
69b52ab899b49-thumb.jpeg
69b52aba1f5c8-thumb.jpeg
69b52abc0206b-thumb.jpeg
69b52abd3bed0-thumb.jpeg
69b52abdc3c6a-thumb.jpeg
69b52abf21887-thumb.jpeg
69b52ac4b9cc2-thumb.jpeg
69b52ac05dc12-thumb.jpeg
69b52ac39ddd3-thumb.jpeg
69b52ac203100-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
69b52ab235981-thumb.jpeg
69b52ab4af758-thumb.jpeg
69b52ab6e5a1b-thumb.jpeg
69b52ab8f23ed-thumb.jpeg
69b52ab899b49-thumb.jpeg
69b52aba1f5c8-thumb.jpeg
69b52abc0206b-thumb.jpeg
69b52abd3bed0-thumb.jpeg
69b52abdc3c6a-thumb.jpeg
69b52abf21887-thumb.jpeg
69b52ac4b9cc2-thumb.jpeg
69b52ac05dc12-thumb.jpeg
69b52ac39ddd3-thumb.jpeg
69b52ac203100-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 14.03.26 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө бир катар автомобиль жолдорунун курулушунун жүрүшүн текшерди. 

Атап айтканда, министрлер кабинетинин башчысы Каракол – Эңилчек унаа жолунун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Автомобиль жолун реконструкциялоо долбооруна ылайык, жолдун узундугу 105 кмди түзөт. Курулуш иштери 2025-жылдын декабрь айында башталган, иштердин аякташы 2026-жылдын декабрь айында күтүлүүдө. 

Андан ары ал узундугу 60,5 км болгон Каракол-Токтогул-Жыргалаң автомобиль жолунун курулуш долбоору менен таанышты. министрлер кабинетинин төрагасына ошондой эле узундугу 75 км болгон Балыкчы-Барскоон-Каракол автомобиль жолун жана узундугу 16,9 км болгон Жети-Өгүз-Койсары автомобиль жолун реконструкциялоо боюнча долбоорлор сунушталды. 

Автомобиль жолдорунун курулушун каржылоо республикалык бюджеттин жана башка булактардын эсебинен жүргүзүлөт. Аталган долбоорлорду ишке ашыруу региондун транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүүгө, транспорттук жеткиликтүүлүктү жогорулатууга жана Ысык-Көл облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган. 

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча министрлер кабинетинин төрагасы тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берди.