Бишкек, 25.06.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Венгриянын Кыргызстандагы элчиси Шандор Дорогини өлкөдөгү дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды.
Министрлер кабинетинин төрагасы Шандор Дорогиге элчи катары жемиштүү иши үчүн ыраазычылык билдирип, эки тараптуу кызматташтыкты бир кыйла жандандырууга кошкон жеке салымын белгилеп, Кыргызстандын министрлер кабинетинин Ардак грамотасы менен сыйлады.
Адылбек Касымалиев өзгөчө белгилегендей, акыркы жылдары өлкөлөрдүн ортосунда бекем институционалдык база түзүлүп, жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги бир катар маанилүү өз ара сапарлар болуп өттү, алар стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүү үчүн узак мөөнөттүү пайдубал түздү.
Соода-экономикалык өз ара аракеттенүү боюнча талкуунун жүрүшүндө тараптар товар жүгүртүүнүн өсүшүнүн оң динамикасын канааттануу менен белгилешти.