Минкаб башчысы Охна чакан ГЭСинин курулушун көрүп чыкты

Министрлер кабинети 03 Июнь 2026 16:55
6a1ff5302bed6.jpeg
6a1ff53400e4f.jpeg
6a1ff533871ee.jpeg
6a1ff5304ccb0.jpeg
Алдыга
Артка
6a1ff5302bed6.jpeg
6a1ff53400e4f.jpeg
6a1ff533871ee.jpeg
6a1ff5304ccb0.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 03.06.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Баткен облусундагы иш сапарынын алкагында Охна чакан ГЭСинин курулуш иштерин көрүп чыкты.

Чакан ГЭС Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагында курулууда. Долбоордун сметалык баасы 30 млн АКШ долларын түзүп, ГЭСтин кубаттуулугу 22 МВтты түзөт. 

Адылбек Касымалиев ГЭСтин курулуш иштерин убагында жана сапаттуу бүткөрүүнү тапшырды.