Бишкек, 29.05.26. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Улуттук госпиталдын Консультациялык-диагностикалык бөлүмүнө күтүүсүз барып, бейтаптарды кабыл алуу жана санариптик кызматтардын иши менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Маалыматка караганда, министр санариптик тутумдун ишин текшерүү үчүн бейтаптын жолун толугу менен өзү басып өттү: каттоо бөлүмүнөн электрондук талон алып, дарыгердин кабыл алуусунда болуп, анализ тапшырды. Бул процесс бир саатка жетпеген убакытты алды.
Учурда бөлүмдө 6 каттоо терезеси иштеп, электрондук талон, электрондук амбулатордук карта, накталай эмес төлөмдөр жана QR-кызматтары киргизилген. Борбор күн сайын аймактардан келген 500дөн ашык жаранды кабыл алат. Эртең мененки кезектер бейтаптардын бөлүм ачыла электе эрте келип алганына байланыштуу болууда.
"Дамир Осмонов санариптештирүү кезектерди азайтып, медицинаны ачык-айкын кылышы керектигин белгилеп, госпиталдын жетекчилигине санариптик чечимдердин толук циклин киргизүүнү тездетүүнү тапшырды", – деп айтылат маалыматта.