Бишкек, 01.03.26 /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Дамирбек Осмонов Бишкек шаарындагы бир катар медициналык мекемелердин иши менен таанышты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.
Иш сапарынын алкагында министр Улуттук госпиталдын шашылыш медициналык жардам бөлүмүн жана оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткан объектилерди көрүп чыкты. Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Бакыт Тологоновдун маалыматына ылайык, учурда жандандыруу бөлүмүн оңдоо иштери аяктоо алдында турат. Ал эми Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен курулуп жаткан референс-лабораториянын имаратын үстүбүздөгү жылдын апрель айынын аягына чейин бүткөрүү пландалууда.
Аталган лаборатория борбор калаадагы стационарлар үчүн изилдөөлөрдү бирдиктүү стандарт менен жүргүзө турган борборлоштурулган базага айланмакчы. Оңдоо иштери аяктагандан кийин заманбап жабдуулар орнотулуп, кызматкерлерди окутуу иштери башталат.
Министр Дамирбек Осмонов бир жарым жылдан бери иштеп жаткан борборлоштурулган Шашылыш медициналык жардам бөлүмүнүн ишин мындан ары күчөтүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди:
- Абалы оор бейтаптар үчүн шок бөлмөсүн түзүү;
- Бөлүмдөрдү кошумча жабдуулар менен камсыздоо;
- Жандандыруу бөлүмүндөгү бейтаптар үчүн туруктуу ЭКГ-мониторингди уюштуруу.
Мындан тышкары, министр Репродукция илимий борборунда болуп, мекеменин учурдагы абалы жана репродуктивдик саламаттык жаатындагы көйгөйлөр менен таанышты. Сапардын жыйынтыгында министр борбордун жетекчилигине энелердин саламаттыгын коргоо көрсөткүчтөрүн жакшыртуу жана илимий потенциалды күчөтүү боюнча практикалык сунуштарды даярдоону тапшырды.