Министр Каныбек Досмамбетов карылар үйүндөгү өрттөн жабыркагандардан кабар алды

Кырсык 07 Январь 2026 10:00
FB_IMG_1767758064262.jpg
FB_IMG_1767758062108.jpg
FB_IMG_1767758059995.jpg
FB_IMG_1767758066467.jpg
Алдыга
Артка
FB_IMG_1767758064262.jpg
FB_IMG_1767758062108.jpg
FB_IMG_1767758059995.jpg
FB_IMG_1767758066467.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 07.01.26. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов Бишкек шаарындагы Тез жардам клиникалык ооруканасына барып, карылар үйүндө чыккан өрттүн кесепетинен жабыркап түшкөн бейтаптардын абалы менен таанышты.

Ведомстводон маалымдашкандай, жалпысынан Тез жардам клиникалык ооруканасына 14 бейтап жеткирилген: алардын 13ү көмүр кычкыл газына уулануу диагнозу менен, 1 бейтап I даражадагы күйүк алган.

4 бейтаптын абалы орточо оор деп бааланууда, 2 бейтаптын абалы оор, ал эми 8 жабыркаган адамдын абалы салыштырмалуу канааттандырарлык деп бааланууда. Абалдарынын оорлугу кошумча өнөкөт оорулар, көмүр кычкыл газына жана күйгөн заттарга уулануу менен шартталган.

Министр Каныбек Досмамбетов бейтаптарга каралган шарттар, дарылоо процесси менен таанышып, жабыркагандарга тийиштүү деңгээлде медициналык жардам көрсөтүүнү камсыз кылуу боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.