Бишкек, 04.06.26. /Кабар/. 12 жылдык окууга өтүү коомдогу менталдык каршылыктардан улам өтө чоң аракеттерди талап кылууда. Бирок президенттин саясий эркинин аркасында Кыргызстан мугалимдерди окутуудан баштап, жаңы окуу китептерин басып чыгарууга чейинки тутумду модернизациялоодо ири секирик жасап, коңшу өлкөлөргө үлгү боло алды. Бул тууралуу агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева "Кабар" агенттигине берген маегинде билдирди.
"Мунун алкагында бюджеттик гана эмес, мазмундук программалар да бекитилип, алар боюнча жигердүү иштер жүрүп жатат. 12 жылдык окууга өтүү өтө чоң күч-аракетти талап кылат. Биз элдин күмөн саноолоруна туш болдук. Жылдар бою калыптанып калган адаттарды жана стереотиптерди бир заматта өзгөртүү оңой иш эмес. Олуттуу менталдык каршылыкка туш болдук. Бирок, буга карабастан эбегейсиз зор иштер аткарылып, каржылоо маселелери чечилди, мугалимдерди кайра даярдоо процесси башталды жана жаңы муундун окуу китептери басылып чыгууда. Биз алдыга ишенимдүү кадам таштап жатабыз. Бир дагы өлкө мынчалык масштабдуу реформаларды мындай тездик жана чечкиндүүлүк менен ишке ашырган эмес. Мунун баары мамлекет башчысынын бекем эркинин аркасында мүмкүн болду. Бүгүнкү күндө коңшу Өзбекстан менен Тажикстан да биздин тажрыйбаны үйрөнүүгө даяр", - деди министр.
Эскерте кетсек, күн мурун агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" долбоорунун алкагында жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен бир күн өткөрүп, ведомство башчысынын жумуш күнү кандай өтөрүн көрсөткөн.