Миллиондон ашуун мыйзамсыз иммигрант АКШдан өз ыктыяры менен чыгып кеткен

Дүйнө Загрузка... 11 Август 2025 09:55
WhatsApp Image 2025-08-11 at 08.54.10.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 11.08.2025. /Кабар/. Жыл башынан бери АКШда жашап жаткан жүз миңдеген мыйзамсыз иммигранттар "өз ыктыяры менен депортациялоо" программасынын алкагында өлкөдөн чыгып кетишти. Бул тууралуу АКШнын Улуттук коопсуздук катчысы Кристи Ноемдин маалыматына таянуу менен, Казинформ агенттиги жазды.

Анын айтымында, бул программа аркылуу мыйзамсыз жүргөн иммигранттар 1 миң доллар өлчөмүндөгү "стипендия" жана жолго чыгуу үчүн логистикалык жардам алышып, расмий органдар менен териштирүүсүз мекенине кайтууга мүмкүнчүлүк алышууда.

Ноем акыркы үч айда АКШга бир да мыйзамсыз иммигрант кирбегенин билдирип, бул чек ара коопсуздугунун тарыхтагы эң жогорку деңгээли экенин белгилеген.

“Бул биздин өлкө тарыхында болуп көрбөгөн окуя. Чек ара толук көзөмөлдө. Бул жетишкендикти биз сыймыктануу менен айта алабыз,” — деди ал Чикагодо өткөн маалымат жыйында.