Туризмди өнүктүрүүдө санариптештирүүгө басым жасалат

Министрлер кабинети 10 Апрель 2026 17:15
69d8b9c332e21 (1).jpg
69d8b9c7c3bb9.jpg
69d8b9c73f14d.jpg
69d8b9c6c9713.jpg
69d8b9c67198e.jpg
69d8b9c665144.jpg
69d8b9c5e736a.jpg
69d8b9c5b12e0.jpg
69d8b9c569763.jpg
69d8b9c332e2c.jpg
Алдыга
Артка
69d8b9c332e21 (1).jpg
69d8b9c7c3bb9.jpg
69d8b9c73f14d.jpg
69d8b9c6c9713.jpg
69d8b9c67198e.jpg
69d8b9c665144.jpg
69d8b9c5e736a.jpg
69d8b9c5b12e0.jpg
69d8b9c569763.jpg
69d8b9c332e2c.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 10.04.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев министрлер кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин жамаатына жаңы директор Эдуард Кубатовду тааныштырды.

Минкаб башчысы туризм тармагынын өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү маанилүү ролун айтып, Кыргызстандын зор потенциалы бар экенин баса белгиледи. Ал мамлекет туризмди өнүктүрүүгө артыкчылыктуу маани берерине токтолду.  

Анын айтымында, 2025-жылы туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн экспортунан түшкөн киреше 1 млрд АКШ долларынан ашкан, туристтик сектордо 129 миңге жакын субъект иштейт. Буга байланыштуу ал аталган агенттигиктин алдына коюлган бир катар маанилүү милдеттерди белгиледи. Анын ичинде Туризм жөнүндө мыйзамды өркүндөтүү, туристтердин өлкөдө ыңгайлуу жана коопсуз болушун камсыз кылган онлайн системаларды жана платформаларды киргизүү аркылуу санариптик форматта кызмат көрсөтүүнү күчөтүү.

Адылбек Касымалиев Мамлекеттик агенттиктин жаңы жетекчиси тармакты мындан ары өнүктүрүүгө салым кошоруна, артыкчылыктуу долбоорлорду ишке ашырууга түрткү берерине жана ведомствонун натыйжалуу иштешин камсыз кыларына ишенимин билдирди.

Жыйынтыгында минкаб башчысы агенттиктин жаңы директору Эдуард Кубатовго ишине ийгиликтерди, коюлган максаттарга жетүүнү жана өлкөнүн туристтик тармагын өнүктүрүүгө багытталган жемиштүү ишмердүүлүктү каалады.