Бишкек, 30.10.26. /Кабар/. Дүйнөдөгү эң ири Binance криптовалюта биржасы хакердик чабуулга кабылды. Бир нече сааттын ичиндеги жоготуулар 6,3 миллиард долларды түзгөнүн Reuters агенттиги билдирүүдө.
Маалыматка караганда, тергөө жүрүп жатканына байланыштуу Binance криптобиржасы санариптик активдерди уурдоонун алдын алуу үчүн 2,5 миллиард доллар активдерин тоңдурду. Тоңдурулган каражаттардын көлөмү көбөйүшү мүмкүн. Компания уурдалган активдерди издөө жана тоңдуруу боюнча укук коргоо органдары жана өнөктөштөрү менен иштешүүнү улантууда.
Алдын ала маалыматтар боюнча окуя программалык камсыздоону иштеп чыгуу жана колдоо менен алектенген инженердин ноутбугунун хакердик чабуулуна байланыштуу болушу мүмкүн.
Хакердик чабуул тууралуу маалыматтардан кийин криптовалюта рыногунда Bitcoinдин баасы 3% дан ашык төмөндөп, 76 368 долларды түздү. Бул үч жуманын эң төмөнкү көрсөткүч.
Ал эми Ethereumдун баасы да 3% дан ашык төмөндөп, 2178 долларды түздү. Бул эки айдын эң төмөнкү көрсөткүчү болуп саналат.