Милиция кызматкерине кол көтөргөн 21 жаштагы шектүү кармалды

Укук тартиби Загрузка... 12 Март 2026 12:28
818a74f9-ea9f-472f-.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Ленин РИИБ

Бишкек, 12.03.26. /Кабар/. Бишкекте милиция кызматкерине кол көтөрүп, ден соолугуна зыян келтирүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-мартта саат 21:30 чамасында "102" кызматына Жумабек көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринде кошуналар ортосунда жаңжал чыкканы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге аймактык тескөөчү барган.

Тескөөчү жагдайды тактап жаткан учурда лифттен белгисиз киши чыгып, күтүүсүздөн милиция кызматкеринин бетине сокку урган. Соккудан улам кызматкердин көз айнеги сынып, анын айнектери көзүнө тийген. Жабырлануучу нейротравматология бөлүмүнө жеткирилип, дарыгерлер анын оң көзүнүн астынкы сурмасынын айрылган жаракатын аныкташкан.

Аталган факты боюнча "Бейбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголду.

Милиция кызматкерлери тарабынан шектүү катары 2005-жылы туулган К.Н. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.