Башкалар эс алып жатканда, алар нөөмөткө чыгат жана көп учурда жапайы жаныбарларды куткарышат. Ысык-Көл облусунун туристтик-экологиялык милициясынын инспектору Адилет Салават уулу үчүн жаратылышты коргоо жөн гана жумуш эмес, бул – миссия. “Кабар” агенттигине берген маегинде ал бала кезиндеги кыялы аны милиция кызматкери болууга кантип жетелегенин жана эмнеге ар бир кызмат өтөгөн күнүн сыймык катары көрөрүн айтып берди.

— Адилет мырза, майрамыңыз менен куттуктайм! Кесибиңиз тууралуу айтып берсеңиз. Бул кесипке кантип келип калдыңыз жана эмне үчүн так ушул экологиялык багытты тандадыңыз?
— Мен туристтик экологиялык милициянын инспектору болуп иштейм. Бул кызматка келүүм кокустук эмес. Бишкектеги жогорку окуу жайда экология багытында билим алып, андан соң юрист адистигин да өздөштүргөм. Милиция кызматындагы атамдын таасири менен бул кесипке болгон кызыгуум бала кезден эле пайда болгон. Айтсак, мен үй-бүлөлүк салтты улап жатам. Бүгүнкү күндө өз кесибим менен сыймыктанам. Себеби, бала кезимден тарта ушул тармакта иштеп, коомдук коопсуздукту жана экологияны коргоону кыялданчумун. Азыр ошол кыялым ишке ашты деп ишенимдүү айта алам.
— Айлана-чөйрөнү коргоо жаатында экологиялык милициянын алдында кандай негизги милдеттер турат?
— Биздин негизги милдет - флора менен фаунаны коргоо. Биз өсүмдүктөрдүн, канаттуулардын жана жаныбарлардын коопсуздугун камсыздап, эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. Азыркы тапта Кыргызстанда жаратылышты коргоого өзгөчө көңүл бурулууда. Айрыкча жаратылыш парктарын түзүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекет башчысынын демилгесин колдоо чоң мааниге ээ. Айлана-чөйрөнү коргоо милициясынын иши ар кыл жана кызыктуу күтүүсүз жагдайлар көп болот. Мисалы, кээде жабыркаган жаныбарларга жардам көрсөтүүгө туура келет. Бир жолу музга тыгылып калган ак кууну куткарганыбыз эсимде. Ал толугу менен тоңуп калган болчу, бирок биз өз убагында барып, аны сактап калдык.
— Айлана-чөйрөнү коргоо мыйзамдарынын кандай бузулушуна көбүнчө туш болуп жатасыз?
— Бүгүнкү күндө эң курч учурлар браконьерлик жана мыйзамсыз балык уулоо болуп саналат. Андан сырткары мыйзамсыз бак-дарактарды кыюу көп катталат. Мындай мыйзам бузууларды азайтуу үчүн дайыма профилактикалык иштерди жүргүзүп келебиз.

— Ишиңиздеги практикаңыздан өзгөчө эсиңизде калган учурлар барбы?
— Андай учурлар көп. Мыйзамсыз аңчылыкка бөгөт коюу операциясы өзгөчө эсте каларлык болду. Мергенчилер адатта кылдаттык менен даярданышат, карталарды түзүшөт. Мүмкүн болгон каттамдарды жаап, үзгүлтүккө жол бербөө үчүн күтүлгөн аңчылыкка эки-үч күн калганда аймакка жетип, активдүү болууга аракет кылабыз. Биздин милдет бир гана аныктоо эмес, кылмыштуулуктун алдын алуу.
— Бул татаал, бирок маанилүү тармакта мындан ары да иштөөгө эмне түрткү болду?
— Бүгүн мамлекет тарабынан, айрыкча президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен биздин кызматка чоң көңүл бурулуп жатат. Жаңы техникалар сатып алынып, жаратылышты коргоого багытталган коомдук уюмдар түзүлүүдө. Булардын баары бизди дагы да жакшы иштөөгө шыктандырат. Анткени, зарыл шарттар жана жабдуулар болгондо, иш жеңилдеп гана тим болбостон, кызыктуу да болот.
— Ишиңизде кандай кыйынчылыктарга туш болосуз?
— Кандай гана кесип болбосун, анын өзүнчө кыйынчылыктары да, кубанычтуу учурлары да болот. Бирок мен муну кыйынчылык деп айтпайм, анткени бул жолду өзүм тандагам жана ал мага жагат. Биз башкалар эс алып жатканда иштейбиз - майрам күндөрү да, кандай аба ырайы болбосун. Дал ушул нерсе биздин ишти өзгөчө жана керектүү кылат.

— Кесиптештериңизди куттуктап өтсөңүз болот.
— Кесиптик майрамыбыз - Милициянын күнү менен бардык кесиптештеримди чын жүрөктөн куттуктайм! Баарыңыздарга чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык жана асманыбыз дайыма ачык болсун деп каалайм. Таң атканда кызматка кеткен ар бир кызматкер кечинде аман-эсен үйүнө кайтып келсин.