Бишкек, 06.12.25. /Кабар/. Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин президент Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады
“Россия Федерациясынын өкмөтүнүн атынан жана өзүмдүн атымдан сизди туулган күнүңүз менен чын жүрөктөн куттуктайм.
Достук, стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык принциптерине негизделген Россия-Кыргыз мамилелерин чыңдоого кошкон олуттуу жеке салымыңызды өзгөчө белгилегим келет.
Жогорку деңгээлде кабыл алынган чечимдерди ишке ашыруу максатында соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты арттыруу боюнча активдүү иштер жүргүзүлүүдө.
Өнөр жай, энергетика, транспорттук инфраструктура, инновациялык чөйрө жана башка тармактарда ири биргелешкен долбоорлор ишке ашырылып жатат. Евразия экономикалык биримдигинин жана Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин алкагында иш жүзүндөгү кызматташтыкты кеңейтүү, интеграциялык өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү Россиянын жана Кыргызстандын кызыкчылыктарына толук жооп берет деп ишенем.
Сиз менен ар дайым ачык жана конструктивдүү маанайда өткөн жолугушууларымды жылуу эстейм. Ишенимдүү жана жемиштүү алакаларыбыздын уланышына кубанычта болом.
Сизге чын дилимден бекем ден соолук, бакыт жана жооптуу мамлекеттик ишиңизге жаңы ийгиликтерди каалайм”, - деп айтылат телеграммада.