Бишкек, 06.03.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин тескемеси менен Кыргызстандын миграция саясатынын 2021-2030-жылдарга карата Концепциясын ишке ашыруунун II этабы бекитилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Азыркы глобалдык динамиканын шартында миграциялык процесстер мамлекеттердин социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги факторлорунун бири бойдон калууда.
Социалдык-экономикалык абал, эл аралык саясий кырдаал, ошондой эле тышкы экономикалык байланыштардын өнүгүшү Кыргызстандагы миграциялык процесстерге олуттуу таасирин тийгизет.
Ушуга байланыштуу Концепциянын экинчи этабын кабыл алуу миграция чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты мындан ары өркүндөтүүгө, ошондой эле заманбап чакырыктарды жана мамлекеттик саясаттын артыкчылыктарын эске алуу менен миграциялык процесстерди башкарууда системалуу, ырааттуу жана координацияланган мамилени камсыз кылууга багытталган.
Экинчи этаптын алкагында төмөнкүлөр каралган:
- миграциялык процесстерди башкарууда системалуу, ийкемдүү жана координацияланган мамилени камсыз кылуу;
- заманбап чакырыктарга ылайык мамлекеттик миграция саясатынын милдеттерин актуалдаштыруу;
- мамлекеттик органдардын, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардын натыйжалуу өз ара аракеттенүүсү үчүн шарттарды түзүү.
Концепциянын экинчи этабын ишке ашыруу мамлекеттик миграция саясатынын натыйжалуулугун жогорулатууга, ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү чыңдоого, ошондой эле Кыргызстанда миграциялык процесстерди туруктуу башкарууну камсыз кылууга мүмкүндүк берет.