Бишкек, 29.09.25. /Кабар/. АКШнын Мичиган штатында чиркөөдөгү атышуудан төрт адам каза тапты. Бул тууралуу Assosiated Press агенттигине таянып, Коммерсант гезити жазды.
Маалыматта белгиленгендей, чиркөөдөгү атышуудан дагы сегиз киши жарадар болду. Белгисиз куралчан адам Chevy Silverado жүк ташуучу унаасы менен имаратты сүзүп, элге ок чыгарган. Ошол учурда чиркөөнүн ичинде 100дөй адам жүргөн. Андан соң куралчан адам чиркөөгө өрт койгон. Тилсиз жоонун кесепетинен имарат толугу менен күйүп кеткен.
The New York Post гезити башкы шектүү 40 жаштагы Томас Жейкоб Сэнфорд экени, ал полиция менен атышуу учурунда каза болгонун жазды.