Бишкек, 29.05.26. /Кабар/. Нарын облусунун Миң-Куш шаарчасында уран калдыктарын рекультивациялоо боюнча ири экологиялык долбоор ийгиликтүү аяктады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Бул маанилүү окуяга байланыштуу Миң-Кушта мемориалдык стела ачылып, өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев жана Россиянын "Росатом" мамлекеттик корпорациясынын директору Николай Спасский жумуштардын жыйынтыкталганы жөнүндө расмий протоколго кол коюшту.
Долбоордун алкагында "Как", "Туюк-Суу" жана "Талды-Булак" калдык сактоочу жайлары рекультивацияланып, кооптуу калдыктар атайын даярдалган, коопсуз убактылуу сактоочу "Дальнее" объектисине толугу менен көчүрүлдү.
"Муну менен долбоор Кыргызстандын гана эмес, бүтүндөй Борбор Азия аймагынын экологиялык коопсуздугун камсыз кылды. Бул ири программа КМШнын алкагында 2013-жылдан бери ӨКМ жана "Росатом" тарабынан ишке ашырылып келди. Натыйжада жергиликтүү тургундардын жашоо шарты жакшырып, экологиялык коркунучтар жоюлду. Эки тараптуу кызматташтык муну менен эле токтоп калбайт. Жолугушуунун алкагында Кыргызстан менен Россия тарап 2026-2028-жылдарга карата өлкөнүн аймактарын реабилитациялоо боюнча биргелешкен иш-аракеттердин жаңы планын бекитишти",-деп айтылат маалыматта.