Мөңгүлөрдүн эриши 2 млрд адамды суу жана азык-түлүксүз калтырышы мүмкүн экендиги айтылды

Экология Загрузка... 25 Март 2025 17:20
WhatsApp Image 2025-03-25 at 17.11.52.jpeg
copyright icon www

Бишкек, 25.03.25. /Кабар/. Мөңгүлөрдүн тез эрип жатышы дүйнө жүзүндө эки миллиард кишини суу жана азык-түлүксүз калтырышы мүмкүн экендигин ЮНЕСКО уюуму эскертет. Бул тууралуу уюм өзүнүн сайтына жарыялады.

Анда климаттын өзгөрүүсүнөн улам эрий баштаган мөңгүлөр дарыялар менен суу сактагычтарды толуктай албай калгандыктан андан айыл чарбасы менен калкты азык-түлүк менен камсыздандыруу иши жабыркап жатканы айтылат.

Эксперттердин маалыматы боюнча дүйнө жүзүндөгү сугат талаалардын көпчүлүк бөлүгү тоолуу аймактардагы суу ресурстары менен байланышкан. Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөгү мындай аймактарда жашагандар азык-түлүк тартыштыгына кириптер боло баштады жана абал мындан дагы начарлай берет. Ал тургай өнүккөн өлкөлөр да коркунучта.

2025-жылы Бүткүл дүйнөлүк суу ресурстары жөнүндөгү докладда мөңгүлөрдүн рекорддук тездик менен азайып жатканы белгиленген. Чыгыш Африкада мөңгүлөрдүн 80%га жакыны ээрип, Анд тоолорунда анын жарымы, ал эми Альп жана Пиреней тоолорунда 40% экени айтылат.

Окумуштуулар акыркы убактарда кардын ордуна көбүнчө жамгыр жаап, ал топуракта кармалбай тез эле жерге сиңип кетип жаткандыктан, кургакчылык күч алып, кар көчкүлөр көбөйүп, ал эми эриген суулар суу ташкындарына себеп болуп жаткандыгын белгилешет.

Андан сырткары, мөңгүлөрдүн эрий башташы менен кара жерлер көбөйүп, ал күндүн нурун катуурак сиңиргендиги үчүн глобалдык жылуулукту тездетип жатат. Ошондой эле, түбөлүккө тоңгон топурактан өтө күчтүү парник газы – метан бөлүнүп чыгат.

Эксперттер таза суунун маанилүү запастары топтолгон тоолуу аймактарга тез арада жардам көрсөтүү керек экендигин баса белгилешет. Эгер алдын ала чаралар көрүлбөсө мөңгүлөрдүн эрүүсү миллиарддаган адамдарды масштабдуу кризиске дуушар кылат дешет.