Айбек Жунушалиев: Айдоочулар үчүн план системасы жоюлуп, айлык акы көтөрүлдү

Коом Загрузка... 02 Июль 2026 16:05
727313359_2208.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 02.07.26 /Кабар/. Ушул жылдын апрель айынан тартып айдоочулардын эмгек акысы 33 пайызга жогорулатылды. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев коомдук транспорттун айдоочулары менен жолукканда билдирди.

Анын айтымында, буга чейин колдонулуп келген айдоочулардын план менен иштөө системасы жоюлуп, эмгек шарттарын адилеттүү жана ачык-айкын уюштурууга шарт түзүлөт.

735210763_852651417601312_6080275020538964405_n.jpg

Ошондой эле Айбек Жунушалиев накталай эмес төлөмдүн башкы артыкчылыгы келип түшкөн каражаттардын толук ачыктыгында экенин белгиледи.

“Бардык кирешелер коомдук транспортту тейлөөгө жана жаңылоого, айдоочулардын айлык акысын жогорулатууга, транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана тармактын башка маселелерин чечүүгө жумшалат”, - деп айтты мэр.