Бишкек, 26.08.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу "Менин шаарым" мобилдик тиркемесинде "VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары" аттуу атайын бөлүм ишке кирди.
Мэриядан билдиришкендей, анда оюндун программасы, мелдештердин убактысы, шаттл-автобустардын каттамдары жана башка керектүү маалыматтар жайгаштырылды. Ошондой эле ачылыш аземине билеттерди сатып алууга болот.
"Колдонуучулар тиркемедеги "Суроо берүү" бөлүмү аркылуу адистерге түз кайрылып, керектүү маалымат ала алышат. Мындан тышкары, 1-сентябрдан тарта Ысык-Көл облусунда 1225 кыска номери, ошондой эле WhatsApp жана Telegram аркылуу +996 552 252 037 байланыш каналдары иштейт", - деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, тиркеме конокторго иш-чараларга барууну алдын ала пландап, мелдеш өтүүчү жайларга жетүү үчүн ыңгайлуу каттамдарды тандоого жардам берет. "Бишкек Аренага" жеке унаалардын кирүүсүнө чектөө киргизилгендиктен, көрүүчүлөргө уюштурулган шаттл-автобустарды пайдалануу сунушталат.