Бишкек, 28.10.25 /Кабар/. "Мелисса" ураганы Доминикан Республикасындагы 750дөн ашык турак үйдү талкалады. Бул тууралуу CBS телеканалына таянып, ТАСС билдирет.
Маалыматта белгиленгендей, анын кесепетинен дээрлик 3,8 миң адам үй-жайсыз калган. Мындан тышкары, ураган суу түтүктөрүнө жана башка инфраструктурага зыян келтиргендиктен, 1,27 миллион адам таза сууга жетпей калган.
Күн мурун ураган Саффир-Симпсон шкаласы боюнча 5-категорияга, б.а эң жогорку деңгээлге жеткен.
Ал учурда Ямайка тарапка жылып, ал жакта калкты эвакуациялоо башталды.
Ал эми ABC телеканалы белгилегендей, "Мелисса" Ямайка тарыхындагы эң күчтүү ураган болуп калышы мүмкүн.