Бишкек, 29.10.25. /Кабар/. "Мелисса" бороону Ямайкага жетти. Бул тууралуу Интерфакс
Associated Press кабарлаганын жазды.
Маалыматка караганда, "Мелисса" бороону 1851-жылдан бери эң күчтүү бороон деп эсептелип келет. Акыркысы мындан 174 жыл мурун катталган.
Бороонго Саффир-Симпсон шкаласы боюнча эң жогорку 5-категория берилген, шамалдын ылдамдыгы секундасына 82 метрге жетет.
Ямайканын жергиликтүү бийлик органдары табигый кырсыкка даярдануу үчүн бардык мүмкүн болгон чараларды көрүшкөнү айтылууда.
Ямайканын расмий өкүлдөрү ошондой эле зыянды баалоо процессинин узакка созулушу жөнүндө эскертишти.
Буга чейин бороондун айынан Гаитиде адам өмүрлөрү кыйылганы маалымдалган эле.