Мектептерге жаратылыш таануу сабагы боюнча жаңы китептер таратылат

Билим 08 Октябрь 2025 17:20
561182384_1800.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
561231995_1800.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
561645426_1800.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
561953822_1800.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
76765.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка

copyright icon Агартуу министрлиги

Бишкек, 08.10.25. /Кабар/. Кыргызстандын мектептерине жаратылыш таануу сабагы боюнча жаңы окуу китептери жеткириле баштады. Агартуу министрлигине караштуу "Окуу китеби" басма үйү" жаратылыш таануу сабагы боюнча жаңы окуу китептеринин келгенин маалымдады.

Маалыматка ылайык, китептер өлкөдөгү мектептерге таркатылып жатканын белгилешти. Жаңы басылмалар жаңыланган мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык иштелип чыгып, жаратылыш илимдерин окутуунун сапатын жогорулатууга багытталган.

Эске салсак, буга чейин билим берүү министри Догдуркул Кендирбаева өлкө президентинин тапшырмасы менен жаңы муундагы окуу китептерин массалык түрдө чыгарууга 744 миллион сом биринчи ирет бөлүнгөнүн билдирген.