Мектептердеги ашыкча жүктөм: Өлкөдөгү эң көйгөйлүү райондор аталды

Билим Загрузка... 10 Февраль 2026 12:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 10.02.26. /Кабар/. Мектептерде окуучулар ашыкча жүктөм менен окуган өлкөдөгү район менен шаарлар Агартуу министрлигинин өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарган коллегиясында аталды.

WhatsApp Image 2026-02-10 at 12.09.01.jpeg

Маалымдалгандай, Бишкек, Ош, Манас шаарларында жана өлкөнүн ар кайсы облустарындагы 7 райондо окуучулардын саны нормадан ашык.

Алар, Чүй облусунун Сокулук району, Ош облусунун Өзгөн, Кара-Суу, Ноокат райондору, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон, Сузак райондору жана Баткен облусунун Кадамжай району.

Ал эми Чүй облусунун Кемин районундагы мектептерде тескерисинче 2 миң 113, Баткен облусунун Сүлүктү районундагы мектептерде 1 миң 342 орун бош экендиги айтылды.

Ошондой эле коллегиянын жүрүшүндө Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев калаада балдар жашаган аймагындагы мектептерге баруусу зарыл экендиги белгиленди. Калаа башчысынын айтымында, бул борбордогу жол тыгынын азайтууга өбөлгө болмокчу.

WhatsApp Image 2026-02-10 at 12.09.41.jpeg

Эскерте кетсек, бүгүн Агартуу министрлигинин 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча коллегиясы өтүүдө.