Мыйзамсыз акча чогултуу: Бишкектеги №95 мектептин директору иштен кетти

Укук тартиби Загрузка... 12 Март 2026 17:54
25c7e6d4981a7992.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 12.03.26. /Кабар/. Бишкек шаарындагы №95 орто мектепте окуучулардын ата-энелеринен мыйзамсыз акча чогултуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Текшерүүнүн жүрүшүндө мектептин айрым мугалимдери кошумча сабактар үчүн мамлекет тарабынан белгиленген тарифтен ашыкча акча алып, президенттин "Балдардын акысыз мектептик билим алуу укугун ишке ашырууда мамлекеттик кепилдиктерди камсыз кылуу чаралары жөнүндө" жарлыгынын талаптарын одоно бузгандыгы такталган.

Натыйжада мектеп директору ээлеген кызматынан бошотулуп, 4 мугалим административдик жоопкерчиликке тартылды. Ошондой эле Билим берүү департаментинин 5 кызматкерине карата тартиптик жаза чаралары колдонулду.

Эскерте кетсек, президенттин жарлыгына ылайык, мектептерде кандайдыр бир шылтоо менен акча чогултууга катуу тыюу салынган.