Бишкек, 01.04.26. /Кабар/. 2026–2027-окуу жылынан тарта Бишкек шаарындагы жалпы билим берүү мекемелерине окуучуларды каттоо тартибине олуттуу өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 2025–2026-окуу жылында Кыргызстанда 12 жылдык билим берүү системасы этап-этабы менен киргизилип, 1- жана 2-класстарга кабыл алуу бир убакта жүргүзүлгөн. Бул жагдай борбор калаадагы айрым мектептерде окуучу орундарынын жетишсиздигин жараткан.
Жаңы тартиптин негизги талаптары:
- Мектептердеги ашыкча жүктөмдү азайтуу максатында зоналык микроучасток тартиби күчөтүлдү. Эми каттоо ар бир мектепке бекитилген аймактын негизинде гана жүргүзүлөт.
- Чечим Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин сунушу менен кабыл алынды. Ал калк жыш жайгашкан аймактардагы мектептерге жүктөмдү тең салмактуу бөлүштүрүүнү көздөйт.
Ата-энелердин эсине: 2026–2027-окуу жылына карата балаңызды мектепке каттоодо жашаган дарегиңиз кайсы мектептин микроучастогуна таандык экенин алдын ала тактоо зарыл.