Мектепке чейинки билим берүүнүн жаңы стандарты кабыл алынды

Билим Загрузка... 03 Июнь 2025 12:18
WhatsApp Image 2025-06-03 at 11.44.43.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек 03.06.25 /Кабар/. «Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу» жаӊы Мамлекеттик билим берүү стандарты кабыл алынды. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаңы стандарт – КР Өкмөтүнүн 2025-жылдын 17-майындагы №257 токтомунун негизинде кабыл алынган.

Ал балдардын 1 жаштан 6 жашка чейинки ар тараптуу өнүгүүсүн камсыздоого, мектепке чейинки билим берүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, ошондой эле бардык мекемелер үчүн бирдиктүү талаптарды киргизүүгө багытталган.

Мурунку стандарт 18 бөлүм, 85 пункт, 2 тиркеме, 52 беттен турса, бул жолкусу алда канча кыскарып - 5 бөлүм, 30 пункт, 3 тиркеме жана 31 беттен турат.

Анда мектепке чейинки курактагы балдардын төмөнкү негизги компетенттүүлүктөргө ээ болушу каралган:

- Эмоционалдык-инсандык;

- Таанып-билүүчүлүк-ишмердүүлүк;

- Социалдык-коммуникативдик;

- Маалыматтык-санариптик.

Ошондой эле балдар менен психологдун жана логопеддин сабактары зарылчылыкка жараша жекече жана топтук түрдө өткөрүлөт деп белгиленет маалыматта.