Мектеп жашында эле таланты менен көп ийгиликти багындырган Эрбол

Интервью Загрузка... 04 Апрель 2025 16:44
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Каармандын өздүк архивинен

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Көп кырдуу талант, ар кыл өнөрдүн ээси - Эрбол Акумбеков Бишкек шаарындагы №12 мектеп-гимназиясында 9-класста окуйт. Эрбол өзү чыгармачылык менен эриш-аркак чоңоюп келе жаткандыгы үчүн анын мектептеги да, мектептен сырткаркы да жашоосу абдан кызыктуу. Алдыда окуучу тууралуу айтып беребиз.

WhatsApp Image 2025-04-04 at 12.21.50.jpeg

Эрбол алгач 5 жашында сахнага чыккан

Окуучунун айтымында, ал 5 жашында Бишкек шарындагы “Ак шоола” балдар хоруна тандалып алынган. Аны бул чөйрөгө аралаштырып, эринбестен ар тараптан өнүктүрүүгө сылымын кошуп келе жаткан - апасы. Ал эми эрте жаштан башталган бул активдүүлүк ага турмуштук тажрыйба берип, өз алдынчалуулукка, кыйынчылыктарга туруштук берүүгө, өз алдынча чечим чыгарууга үйрөткөн.

WhatsApp Image 2025-04-04 at 12.16.53.jpeg

Окуучу мектептин да сыймыгы

Мектепте Эрбол төрт, беш деген бааларды алып жакшы окуйт. Муну менен катар ал мектептеги ар кандай иш-чаралардын көркү. “Билим алуудан сырткары, мектептин ичиндеги, мектептер арасындагы, райондук, шаардык, республикалык конкурстарга активдүү катышып келем. Конкурс, жарыш, фестивалдардан алдыңкы орундарды багындырган учурларым аз эмес”, - дейт ал.

WhatsApp Image 2025-04-04 at 12.17.54 (1).jpeg

Сабактан кийинки убактысын телефон менен өткөрүүнү каалабайт

“Сайра Кийизбаева атындагы Балдардын музыкалык мектебинин “Фортепиано” бөлүмүн бүтүргөм. Бишкек шаарынын Свердлов районуна караштуу Балдар чыгармачылык борборунда гитара, чопо чоор, англис тили студияларына барам”. “Ак шоола” хорунун бийлерине катышам, - деген окуучу сууда сүзүү боюнча да өнөрү бар экендигин кошумчалады. Башкача айтканда, Эрбол мектептен сырткаркы убактысын да пайдалуу иштерге жумшаганга аракет кылат.

WhatsApp Image 2025-04-04 at 12.16.53 (1).jpeg

Эрболдун башка дагы өнөрлөрү

Окуучу 7 жашында Шамил Жапаровдун “Эл кайда көчөт” тасмасына тартылып, баш каармандардын биринин ролун жараткан. Мындан сырткары, кыска метраждуу фильмдерде, ырчылардын клиптеринде өнөрүн көргөзүп келет. “Баластан” каналына “Баластан шоу”, “Адептүү бол”, “Данегим” жана башка дагы көрсөтүүлөрүнө конок катары чакырылып, алып баруучу болуп, телепостановкаларда актёр катары да ойноп жүрөм”, - деп кошумчалады окуучу. Ошондой эле ал радиодо да активдүүлүгүн көрсөтүп, “Марал” радиосунда “Робототехника” көрсөтүүсүн алып барганы бар.

WhatsApp Image 2025-04-04 at 12.16.51.jpeg

“Ак шоола” менен бирге багындырган ийгиликтер

Эрбол жүрөгүнө хор искусствосу көбүрөөк жакын экендигин баса белгилеп, анын аркасы менен көптөгөн өлкөлөрдү кыдырганын кошумчалайт. “Ак шоола” менен ар кандай конкурстарга, фестивалдарга катышуу үчүн чет өлкөлөргө бардым. Алардын арасында Казакстан, Өзбекстан, Россия, Түркия, Румыния, Индия, Кипр, Германия ж.б. бар. Түркия мамлекетинде бир нече жолу болдук. Башка өлкөлөрдөгү жашоону, алардын маданиятын, салт-санаасын көрүп келдим.

WhatsApp Image 2025-04-04 at 12.17.54.jpeg

Бул активдүү жашоо Эрболго эмне берди?

“Сахнада, сапарларда өткөн бала кезим жашоомо жагымдуу издерди калтырды десем болот. Бул жылдар мага эң башкысы тажрыйба берди. Көп нерсени үйрөндүм, көрдүм, такшалдым. Чет жерлерге чыктым. Келечекте атамдын жолун улап, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин академиясына тапшырсам деген тилегим бар. Бирок, аскер кызматкери болсом дагы чыгармачылыгымды таштабай”, - деди маектешибиз.

WhatsApp Image 2025-04-04 at 14.13.42.jpeg