Мектеп менен ЖОЖдун байланышы чыңдалат: Мугалимдерди даярдоонун жаңы ыкмасы талкууланды

Билим 18 Январь 2026 16:42
FB_IMG_1768732760684.jpg
FB_IMG_1768732762827.jpg
FB_IMG_1768732765663.jpg
FB_IMG_1768732768225.jpg
FB_IMG_1768732772687.jpg
FB_IMG_1768732772050.jpg
Алдыга
Артка
FB_IMG_1768732760684.jpg
FB_IMG_1768732762827.jpg
FB_IMG_1768732765663.jpg
FB_IMG_1768732768225.jpg
FB_IMG_1768732772687.jpg
FB_IMG_1768732772050.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Илим министрлиги

Бишкек, 18.01.26. /Кабар/. Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги педагогикалык кадрларды даярдоо системасын трансформациялоо шартында педагогикалык билим берүүнүн моделин талкуулоо боюнча кеңешме өткөрдү.

Кеңешмеге илим министринин орун басары Нурлан Өмүрөв, агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова, ошондой эле тиешелүү адистер жана кызыкдар уюмдардын жана жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү катышты.

Кеңешменин жүрүшүндө Нурлан Өмүрөв каралып жаткан маселе боюнча презентация сунуштады.

Катышуучулар педагогикалык кадрларды даярдоонун жаңы моделин жаңылоонун негизги ыкмаларын, ошондой эле билим берүүнүн ар кандай деңгээлдериндеги стандарттардын өз ара шайкештигин камсыз кылуу маселелерин талкуулашты.

Талкуунун жыйынтыгында тараптар орто, жогорку кесиптик жана мектептик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттарын синхрондоштуруу боюнча мындан аркы өз ара аракеттенүүнү жана макулдашылган чечимдерди иштеп чыгууну макулдашты.