Мектеп менен бала бакчалардын шарттарын жакшыртуу сунушталды

Жогорку Кеңеш 14 сентябрь 2026 18:30
809813437_3360973114110082_7314198353295606776_n.jpg
808930102_1793565648341112_3517278154284280146_n.jpg
809736292_1813214476374397_7340417828477139284_n.jpg
809876204_3187526934767915_59054977864140574_n.jpg
809736313_1423992172995758_1698981709601635914_n.jpg
808547652_1412100364386342_5833728129268124507_n.jpg
809876184_1387662076896960_3018328162189190490_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 14.09.26 /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаттары бир катар мектеп жана бала бакча жетекчилери, ошондой эле Агартуу министрлигинин өкүлдөрү менен билим берүү тармагындагы көйгөйлөрдү жана аларды чечүү жолдорун талкуулады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештен билдиришти.

Жолугушууда мамлекеттик жана жеке билим берүү уюмдары үчүн бирдей жана ыңгайлуу шарттарды түзүү, билим берүү тармагындагы мыйзамдарды учурдагы талаптарга ылайыкташтыруу маселелери көтөрүлдү.

Үй-бүлөлүк типтеги бала бакчалардын жетекчилери балдарды кабыл алуудагы чекти 25тен 50гө чейин көбөйтүүнү сунушташты. Алар белгиленген чектен улам айрым бала бакчалар ишин токтотууга аргасыз болуп жатканын билдиришти.

Ошондой эле жеке мектептердин жана бала бакчалардын өкүлдөрү электр энергиясына болгон тарифтерди кайра карап чыгып, аларды коммерциялык эмес, социалдык керектөөчүлөрдүн категориясына өткөрүүнү сунушташты. Мындан тышкары, сууну керектөөнүн 80 куб метрлик лимитин көбөйтүү сунушталды.

Жолугушууда ошондой эле жеке мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу, алардын ишмердигин салыктык жөнгө салуу маселелери да талкууланды. Ошондой эле кызматкерлердин сыйлыктары, жетишкендиктери жана кесиптик натыйжалары көрсөтүлө турган санариптик эмгек китепчесин киргизүү сунушу айтылды.