Мексикада суу ташкынынан 130дай адам дайынсыз жоголду

Дүйнө Загрузка... 16 Октябрь 2025 14:25
347605246529287.jpeg

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 16.10.25 /Кабар/. Мексикада нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен ири сел жүрүп, кеминде 64 адам каза болуп, дагы 130га жакын адам дайынсыз болуп жатат. Бул тууралуу “Казинформ” агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, өткөн аптада өлкөнүн борбордук аймактарында жааган катуу жаан суу ташкындары менен жер көчкүнү жаратып, бир катар штаттарда чоң зыян келтирди.

Жарандык коргонуунун улуттук координатору Лаура Веласкес билдиргендей, өзгөчө Веракрус жана Хидалго штаттары катуу жабыркаган.

Веракруста 29 адам каза болуп, 18и дайынсыз, ал эми Хидалгодо 21 адам каза болуп, 43 киши дайынсыз жоголгону айтылууда. Ошондой эле Мехиконун чыгышындагы Пуэбла шаарында 13 адам, Керетародо болсо жер көчкүдөн бир бала каза болгон.

Расмий маалыматтарга ылайык, табийгый кырсык 100 миңден ашуун турак жайга зыян келтирип, аймактардагы инфраструктураны да талкалаган.