Бишкек, 13.10.25. /Кабар/. Мексикада катуу жамгыр жана жер көчкүдөн кеминде 37 адам каза болду. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, каза болгондордун ичинен 22си Хидалго штатында, тогузу Пуэблада, бешөө Веракруста жана бирөө Керетаро штатында катталган.
Кырсыкка Тынч океанында пайда болгон "Раймонд" тропикалык бороону себеп болгон. Ал жамгырдын нөшөрлөп жаашына алып келип, аймактарда катуу суу ташкындары жана жер көчкүлөр катталган.
“Учарда Армия жана деңиз флотунун көмөгү менен жергиликтүү бийлик жолдорду тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Жарандык коргоонуу кызматтарынын билдирүүсүндө, калыбына келтирүү иштерине бир нече жума кетиши мүмкүн”,-деп айтылат маалыматта.