Бишкек, 31.12.25. /Кабар/. Дүйнөдөгү эң толук адам Хуан Педро Франко Мексикада 41 жашында каза болду. Бул тууралуу Известия Daily Mail гезитине шилтеме берип жазды.
Маалыматка ылайык, маркумдун өмүрүндө эң жогорку салмагы 600 кг болгон.
Франконун салмагы алгач 2017-жылы дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн бурган, анда Гиннесстин рекорддор китеби аны дүйнөдөгү эң толук адам катары тааныган.
Франко 24-декабрда Агуаскальентес ооруканасында көз жумду. Дарыгери анын абалы бөйрөк инфекциясынан улам кескин начарлап кеткенин тастыктаган.