Бишкек, 08.07.25. /Кабар/. Мексикада куралчан адамдар Grupo Minero Bacis компаниясына таандык 33 тонна алтын жана күмүш концентратын ташыган жүк ташуучу унааны тоношту. Бул тууралуу Казинформ агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, кол салгандар эки ак түстөгү унаа менен жолду тосуп, айдоочуга жана коопсуздук кызматкерлерине кол салып, бир жарым сааттай барымтада кармашкан.
Компания жоготуулар миллиондогон долларга бааланганын, бирок так суммасы азырынча белгисиз экенин билдирди.
Статистикалык маалыматтарга ылайык, Мексиканын трассасында кол салуу аракети болжол менен ар бир 50 мүнөт сайын болуп турат.
2025-жылдын алгачкы эки айында мындай окуялардын саны өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу үч эсе көбөйгөн.