Бүгүн 10-ноябрь Бүткүл дүйнөлүк Жаштар күнү. Бул күн 1945-жылы 29-октябрдан 10-ноябрга чейин Лондондо өткөн Бүткүл дүйнөлүк жаштар конференциясында белгиленген.
Жаштар өлкөнүн келечеги, өнүгүүнүн кыймылдаткыч күчү. Бүгүнкү жаш муун билимге умтулган, жаңычыл идеяларга бай. Алар IT, агартуу, спорт, маданият, бизнес сыяктуу көптөгөн тармактарда өздөрүн көрсөтүп, эл аралык бийиктиктерди багындырып жатышат.
Көпчүлүк жаштар чет тилдерди үйрөнүп, заманбап технологияларды өздөштүрүп, коомдук иштерге активдүү катышып, көптөгөн ийгиликтерди багындырууда. Алардын катарында президенттин стипендиясын багындырган Даткагүл Нурмухамед кызы да бар. Жаштар күнүн утурлай “Кабар” маалымат агенттиги стипендиат менен анын жетишкендиктери жана максаттары тууралуу кенен маек курду.

— Майрамың кут болсун! Алгач өзүң тууралуу кененирээк айтып берсең.
— Мен Кусейин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин 5-курсунун студентимин. Багытым - кыргыз филологиясы. Өзүм Ош облусунун Кара-Кулжа районунан болом. Бирок, акыркы 15 жылдан бери Чүй облусунун Москва районунда жашап келем. Алты бир туугандын эң улуусумун. Ата-энем жөнөкөй, карапайым адамдар.

— Мындай ийгиликтин артында талыкпаган эмгек жатса керек?
— Стипендия алам деп окууга тапшырган күндөн тартып эле өз алдыма чоң максат койгом. Ар бир ишти баштаганда сөзсүз максат коюп, ошол багытта аракет кылам. Элмирбек Иманалиев агабыздын “Билгендерге бул дүйнө күндөн-күнгө үйрөнүү, билбегенге бул дүйнө көрдөн көргө сүдүрөө” деген сөзүндө терең маани бар. Бул жарык дүйнөгө келгениңден кийин жок дегенде бир сыймыктанарлык иш жасашың керек. Мен бул стипендияга жетүү үчүн көп эмгектендим. “Кыргыз Республикасынын мыкты студенти”, “КМШнын мыкты студенти”, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов Корея өлкөсү менен биргеликте өткөргөн “Мыкты студент” сынагынын жеңүүчүсүмүн.
Мындан тышкары, өлкөдө жана окуу жайымда өтүп жаткан бардык иш-чараларга активдүү катышып келем. Чынында бул ийгиликтин баары талыкпаган эмгекти, тынымсыз аракетти талап кылат. Кээде сынактарга даярданып, уйкусуз түндөрдү өткөргөн күндөр да болду. Ар дайым жанымдан табылып, дем берип турган ата-энеме, бир туугандарыма жана мугалимдериме терең ыраазычылык билдирем.

Мен азыр Бишкек шаарындагы №74 мектепте кыргыз тилден сабак берем. Бул жерде да өз билимимди тынымсыз өнүктүрүп, тажрыйбамды арттырып жатам. Чынын айтсам, стипендияга жетишүүдө окуу жайдагы гана жетишкендиктерим эмес, мектептен баштап жасаган аракеттерим чоң роль ойноду. Мен чоң ийгиликтерди багындырууну мектеп кезимден эле баштагам. 1-класстан тартып мектепти аяктаганга чейин бардык сабактарды мыкты окуп, ар дайым "5" деген баага окудум. Мындан тышкары, бир топ олимпиадаларга катышып, алдыңкы орундарды алдым. Ушул күнгө чейин ошол аракеттерим мени алдыга сүрөп, азыркы жетишкендиктериме негиз болуп берүүдө.

— Мыкты студент болуш үчүн кандай сапаттарга ээ болуу керек? Дегеле жаштарга кандай кеңеш бересиң?
— Мыкты студент болуу үчүн бардык тармакта лидер болууга умтулуу керек. Эң башкысы, адам өзүн таанып, өзүн өнүктүрүүгө аракет кылуусу зарыл. "Мен киммин? Мен кайсы тармакта өзүмдү көрсөтө алам?" деген суроолорго жооп издөө менен гана чыныгы мүмкүнчүлүктөр ачылат. Өзүн таануу — ийгиликтин башаты. Ошондой эле максат коюп, тынымсыз эмгектенүү, жоопкерчилик, тартип жана убакытты туура бөлүү сыяктуу сапаттар да мыкты студент болууга өбөлгө түзөт. Тынымсыз изденүү жана өзүн өзү өнүктүрүү чоң мааниге ээ. Ар бир мүмкүнчүлүктү пайдаланып, сынактарга, долбоорлорго, илимий иш-чараларга активдүү катышуу зарыл. Бул жөн гана баа алуу эмес, тажрыйба топтоо, жаңы адамдар менен таанышуу, ой жүгүртүүнү кеңейтүү үчүн дагы маанилүү. Ар бир ишке жоопкерчилик менен мамиле кылуу, кыйынчылыктардан коркпоо жана дайыма алдыга умтулуу — бул сапаттар адамды ийгиликке жетелейт. Ошондой эле, мугалимдердин кеңешин угуп, ата-эне жана жакын адамдардын колдоосун баалоо да маанилүү. Анткени, ийгилик эч качан жалгыз келбейт — анын артында чоң эмгек, сабырдуулук жана аракет турат.

— Бул сенин максаттарыңдын чеги эместир. Алдыга койгон дагы кандай максаттарың бар?
— Албетте, бул менин максаттарымдын чеги эмес. Азыркы жетишкендиктерим чоң жолдун башаты гана. Менин алдыдагы максаттарымдын бири Агартуу министрлигинин алдыңкы кызматкерлеринин катарында болуу. Ар бир баланын сапаттуу билим алуусуна шарт түзүүгө, аймактардагы мектептердин мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртууга көмөк көрсөтүүнү каалайм. Кыргыз тилинин ордун бекемдеп, мамлекеттик тил катары ар тармакта кеңири колдонулушуна өз үлүшүмдү кошсом дейм. Билимдүү, мекенчил жаштарды тарбиялоо — бул мен үчүн жөн гана кесип эмес, өмүрлүк миссия. Жаш муунга тарбия берип, улуттун келечегине салым кошуу мен үчүн чоң сыймык. Мекениме кызмат кылып, тарых бетинде калгым келет.

— Учурда жаштарга мамлекет тарабынан кандай колдоо көрсөтүлүп жатат?
— Соңку жылдары жаштар үчүн мамлекет тарабынан бир топ маанилүү колдоолор көрсөтүлүп жатат. Биринчи кезекте президенттик стипендияны белгилеп кетким келет. Өлкө башчысынын жаштарга жеке колдоо көрсөтүп, стипендия берүү аркылуу дем-күч, мотивация бергени биз үчүн чоң стимул. Ошондой эле акыркы жылдары “Кыялымдагы Кыргызстан” аттуу жаштар форуму ийгиликтүү өтүп жатат. Бул иш-чара мамлекет тарабынан уюштурулуп, президенттин катышуусунда кеңири масштабда өтүүдө. Форум жаштар үчүн тажрыйба жана ой бөлүшүүгө, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү таанып билүүгө аянтча болуп берүүдө. Ошондой эле студенттерди колдогон ар түрдүү фонддор иштеп жатат. Мамлекет чет өлкөлөрдө билим алууга да шарт түзүп берүүдө. Жалпысынан алганда, жаштарды өнүктүрүүгө багытталган аракеттер арбын.

— Жаштарга калоо-тилегиңди айтып кетсең болот...
— Окугула, тынымсыз изденип, өзүңөрдү өнүктүргүлө. Башкаларды эмес, өзүңөрдү сын көз менен караганды үйрөнгүлө. Эң башкысы билимге умтулгула. "Билимдүүгө дүйнө жарык” деген жакшы макалыбыз бар. Ар бир студент ушул сөздү жүрөгүнө түйүп алса, келечеги сөзсүз жарык болот. Мекенибиздин өнүгүшү биздин колдо.