Мекенде калууга түрткү берген иш: Коомдук транспорт айдоочусу менен маек

Маек Загрузка... 24 Ноябрь 2025 18:00
WhatsApp Image 2025-11-24 at 14.58.48 (6).jpeg

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Акыркы үч жылда өлкөдө, өзгөчө борбор калаада маршруткалар экологиялык жактан таза автобустарга алмаштырылды. Өлкөгө чет жактан автобустар тынымсыз ташылып келүүдө. Жаңы автобустар шаар тургундарына гана эмес, айдоочуларга да бир топ ыңгайлуулук жаратып жатат. Ыңгайлуулук менен катар айдоочулардын айлык маянасы да жогорулады. Мунун натыйжасында чет өлкөдө эмгектенип жүргөн айрым мигранттар мекенине кайтып келип, ушул тармакта иштей башташты. Алардын арасында № 11 автобус каттамында эмгектенип жаткан айдоочу Кубанычбек Усупов да бар.

Кубанычбек Усупов Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун тургуну. Үч баланын атасы. Үй-бүлөдө камкор жолдош, мээримдүү ата. Ал коомдук транспорт тармагында 10 жылдан бери иштеп келет. Айдоочу “Кабар” маалымат агенттигине маек берип, коомдук транспорт айдоочулары кандай шарттарда иштеп жатканы жана бул жумуштун артыкчылыктары тууралуу кенен айтып берди.

Маршрутка менен салыштырганда автобус ыңгайлуубу? Кандай айырмачылыктар бар?

Маршруткага караганда автобус айдоо алда канча ыңгайлуу. Мурда маршрутка жеке менчик болгондуктан, бардык сервистик тейлөөнү, лицензия, патент, оңдоо иштерин айдоочунун өзү аткарышы керек болчу. Азыр автобустарда мындай түйшүктөр жок. Баарын өкмөт өзү аткарат. Биз болсо тек гана график боюнча иштейбиз. Эгер жолдо жүрүп бузулуп калса, атайын кызматка чалабыз. Келип оңдоп кетишет же эвакуатор менен алып кетишет. Бул жагы абдан ыңгайлуу. Маршруткада жүргүнчүлөрдүн саны чектелүү болсо, автобус кенен жана көп адам батат. Отурганга да, турганга да орун кенен. Автобус өзү эле ыңгайлуу транспорт.

айдоочу 4.webp

Айлык маянаңыз канча? Күнүмдүк жашоого жетиштүү болуп жатабы? План аткарылбай калган учурда эмне кыласыз?

Коомдук транспорт айдоочуларынын айлык маянасы орточо 50 миң сомду түзөт. Айрым учурда 50 миң сомдон көп да табууга болот. Ал үчүн кошумча нөөмөткө чыгуу керек. Эгер экинчи нөөмөттөгү айдоочу жумушка чыкпай калса же бош орундар пайда болсо, анын ордуна иштеп, кошумча киреше тапса болот. Эгер иштеп турсаң, туруктуу түрдө 50 миң сом маяна аласың. Бизде атайын Мониторинг бөлүмү бар. Автобустардын ичиндеги камералар аркылуу жүргүнчүлөрдүн саны көзөмөлдөнөт. Ошонун негизинде айдоочуга күнүмдүк план берилет. Ал планды толтурбай калуу дээрлик болбойт. Бир күн иштебей калсаң, эс алуу күнү чыгып иштеп, планды толуктап койсоң болот.

айдоочу.webp

Иштөө графиги кандай? Күнүгө канчадан канчага чейин иштейсиздер? Дем алыш күндөр барбы?

Коомдук транспорт айдоочулары белгиленген иш графиги боюнча иштешет. Ар бир айдоочуга белгиленген график бар, ага ылайык айдоочу 10 саат иштеши керек. Бирок, каалоосуна жараша иш убактысын 12–13 саатка чейин узартса болот. Менин жумуш күнүм таңкы саат 06:41де башталып, саат 17:42де аяктайт. Анын ичинде бир саат түштөнүүгө берилет. Ошондо так 10 саат иштейм. Бир айда 15 күн иштейбиз. Эки күн иштеп, эки күн эс алабыз.

айдоочу.png

Жумуш учурунда кандай кыйынчылыктарга туш болосуз? Бул жумушту башкаларга сунуштайт белеңиз?

Чет өлкөгө караганда Кыргызстанда иштөө жеңил жана шарттар жакшы. Коомдук транспорт айдоочулары үчүн эң негизги кыйынчылык жол тыгындары. Бирок, жалпы шарттар жакшырып, айдоочулар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү. Мурун Россияда да коомдук транспорттун айдоочусу болуп эмгектенчүмүн. Кыргызстан менен Россиянын ортосунда анчейин деле айырма жок. Азыр Россияда да иштөө кыйындап калды. Өзүм чет жакта жүргөн тааныштарга “Келгиле, өзүбүздүн өлкөдө иштегиле” деп айтып келем. Кыргызстанда иштөө жеңил, элиң, жериң баары жаныңда. Мекенде калып, иштегенге жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлдү десек болот. Автобустар да жаңы, ыңгайлуу. Эгер бузулуп калса, адатта жөнөкөй гана бир тетиги бузулат.

айдоочу 3.jpg

Бул тармакта келечекте кандай өзгөрүүлөрдү көргүңүз келет?

Биринчи кезекте тыгындын азайышын каалайт элем. Жол тыгынынын азайышы ар бир коомдук транспорт айдоочусунун кыялы. Бирок, мамлекет бул маселеге өзгөчө көңүл бура баштады. Учурда жаңы жолдор салынып, жакшы шарттар түзүлүп жатат. Айлык маяна да канааттандырарлык. Эгер маяна жетпесе, чет өлкөгө кетмекпиз. Бирок, азыр шарттар жакшырып жатат. Бирден бир маселе ошол жол тыгыны. Эгер бул көйгөй чечилсе, ишибиз дагы жеңилдемек.