"Мейкин" сыйлыгынын сынагы кийинки жылы өткөрүлөт

Коом 21 сентябрь 2026 13:40

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 21.09.26. /Кабар/. "Мейкин" сыйлыгынын жобосу өзгөртүлүп, сыйлык тапшырыла турган номинациялардын саны 10го бөлүндү. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин лицензиялоо бөлүмүнүн башчысы Зарина Калмуратова билдирди.

Анын айтымында, сыйлык 2024-жылы президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен медиа жана журналистика тармагында негизделген. Жаңыланган жобого ылайык, сынакта мыкты телевизиондук жана радио долбоор, интернет-долбоор, жылдын мыкты подкасты, YouTube-канал, маалыматтык-мультимедиалык долбоорго президенттин атынан "Мейкин" атайын сыйлыгы берилет.

"Мейкин" сыйлыгынын сынагы 2027-жылы өткөрүлүп, жеңүүчүлөр Маалымат жана басма сөз күнүндө салтанаттуу аземде сыйланат. Ар бир номинацияда бирден жеңүүчү аныкталат, ал эми катышуучулардын упайларындагы айырма 10 баллдан аз болсо, калыстар тобу байгелүү орундарды бөлүштүрүү жөнүндө чечим кабыл ала алат", - деди ал.

Калмуратова белгилегендей, конкурстук комиссия 11 адамдан турат. Сынактын мөөнөтү жана өткөрүү тартиби Маданият министрлигинин президенттин администрациясы менен макулдашылган буйругу менен аныкталат.