Калкка сапаттуу медицина: Министр жеке медборборлордун жетекчилери менен жолукту

Ден соолук 15 Декабрь 2025 15:00
WhatsApp Image 2025-12-15 at 14.44.01.jpeg
WhatsApp Image 2025-12-15 at 14.44.01 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-12-15 at 14.44.01 (2).jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-12-15 at 14.44.01.jpeg
WhatsApp Image 2025-12-15 at 14.44.01 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-12-15 at 14.44.01 (2).jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 15.12.25. /Кабар/. Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Каныбек Досмамбетов жеке медициналык борборлордун жетекчилери менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.

Ведомствонун маалыматына ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө саламаттык сактоодогу жеке секторду өнүктүрүү маселелери, анын ичинде аны мындан ары өркүндөтүү концепциясы, ошондой эле медициналык кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар талкууланды.

Досмамбетов өлкө ичинде жеке медициналык уюмдарды өнүктүрүү калкка көрсөтүлүүчү медициналык кызматтардын түрлөрүн кеңейтүүгө жана чет өлкөдө дарыланууга болгон муктаждыкты азайтууга өбөлгө түзгөн артыкчылыктуу багыт экенин белгиледи.

Ошондой эле жолугушууда жеке клиникалардын ишмердүүлүгү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, заманбап медициналык технологияларды киргизүүгө жана медициналык кадрлардын кесиптик деңгээлин жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулду.

Жыйынтыгында тараптар конструктивдүү диалогду улантып, Кыргызстандагы саламаттык сактоонун жеке секторун туруктуу өнүктүрүүгө багытталган сунуштарды иштеп чыгуу боюнча биргелешкен ишти улантууга макулдашты.