Бишкек, 04.03.26. /Кабар/. Расмий медицинада дарыгерлер дары-дармектер менен катар витаминдерди жана биологиялык активдүү кошумчаларды (БАД) жазып бере алышат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинин "Элден собол" берүүсүндө Саламаттык сактоо министрлигинин Лицензиялоо бөлүмүнүн башчысы Аман Осмонов билдирди.
Анын айтымында, мындай кошумчалар мамлекеттик органдарда коопсуздук боюнча расмий текшерүүдөн өткөн болушу башкы шарт болуп саналат. Дүйнөлүк практикада да эгерде препараттын колдонууга жарамдуулугу тууралуу лабораториянын жана мамлекеттик түзүмдөрдүн корутундусу болсо, дарыгерлер биологиялык активдүү кошумчаларды сунуштоого укуктуу.

"Бул каражаттар болгону кошумча азык болуп саналат, алар ооруну айыктырбайт. Мисалы, кышкысын адамга витаминдер жетишпей жаткан учурда, дарыгерлер иммунитетти чыңдоо үчүн микроэлементтерди же витаминдик комплекстерди жазып бериши мүмкүн", - деп түшүндүрдү Аман Осмонов.
Ал биологиялык активдүү кошумчаларга лицензия берилбей турганын баса белгиледи. Лицензиялоодон өзгөчө дары каражаттары гана өтөт. Тилекке каршы, өлкөгө контрабандалык жана жасалма кошумчалар менен препараттар дагы деле келип жатат. Саламаттык сактоо министрлиги мындай фактыларды укук коргоо органдарына өткөрүп берүүдө. "Тилекке каршы, бул агым токтобой жатат. Бир тешикти жапсаң, экинчиси пайда болууда", - деди ал.