Бишкек, 24.04.26. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Дамирбек Осмонов маалымат жыйынында медициналык кадрларды даярдоо боюнча мамлекеттик саясаттын ишке ашырылышы жана президенттин медициналык билим берүү тутумун реформалоого багытталган жарлыгынын аткарылышы тууралуу маалымат берди.
Анын айтымында, аталган жарлык стратегиялык милдетти – медициналык кызматкерлерди даярдоонун заманбап, ачык-айкын жана жоопкерчиликтүү тутумун калыптандырууну чечүүгө багытталган. Бул тутумдун сапатынан жарандардын ден соолугу, бейтаптардын коопсуздугу жана бүтүндөй саламаттык сактоо тармагынын келечеги түздөн-түз көз каранды.

"Мамлекеттик аккредитациялоону киргизүү капысынан кабыл алынган чара эмес экенин баса белгилегим келет. Бул 2025-жылдын августунан бери жүргүзүлүп жаткан ырааттуу жана системалуу иштин жыйынтыгы.
Сентябрь айында эле ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн. 2025-жылдын сентябрь жана октябрь айларында комиссия бардык жогорку окуу жайларында көчмө иш-чараларды өткөрдү. Анын алкагында окутуучу жана мониторингдик сапарлар уюштурулду. Жыйынтыгында негизги индикаторлор аныкталып, ЖОЖдордун жетекчилерине талаптар жана күтүлгөн натыйжалар тууралуу өз убагында маалымат берилген. Демек, бул тутум кечээ же бүгүн эле пайда боло калган жок, ал тиешелүү ченемдик жана түшүндүрмө коштоосу менен этап-этабы менен киргизилүүдө", – деди Осмонов.
Ошондой эле ал кесиптик коомчулуктун, анын ичинде Медициналык ЖОЖдордун ассоциациясынын кайрылууларына кунт коюп мамиле жасап жатышканын белгиледи.
"Жаңы стандарттарга өтүү – бул жөн гана документтердин формалдуу өзгөрүшү эмес, бүтүндөй билим берүү тутумунун терең трансформациясы экенин түшүнөбүз. Бирок, ошол эле учурда медициналык кадрларды даярдоонун сапаты улуттук коопсуздуктун маселеси экенин так билишибиз керек. Бул биздин жарандардын бүгүнкү жана келечек муундардын ден соолугуна тийиштүү маселе. Дарыгер, медайым, фармацевттер адам өмүрү менен иштеген адистер. Ошондуктан аларды даярдоодо катачылыктарга жол берилбеши керек", – деп кошумчалады министр.