Бишкек, 15.07.25. /Кабар/. АКШнын Массачусетс штатынын Фол-Ривер шаарындагы карылар үйүндө чыккан өрттөн тогуз адам каза болуп, 30дан ашууну жабыркаган. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги маалымдады.
Өрт өчүрүү кызматынын башчысы Жеффри Бэкон билдиргендей, учурда жабыркагандардын бири оор абалда.
Өрт 13-июль күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 21:30 чамасында Оливер көчөсүндө жайгашкан Gabriel House карылар үйүндө чыккан.
Өрт имараттын кире беришинен тутанган. Тилсиз жоо башталганда имаратта 70ке жакын тургун болгон.
Учурда шаардык жана мамлекеттик өрт коопсуздук кызматтары өрттүн келип чыгуу себептерин аныктоо боюнча тергөө иштерин жүргүзүп жатышат.