"Маш ботойдон" Бах менен Рахманиновго чейин: Кайры Кошоеванын музыка дүйнөсүндөгү тарыхы

Маек Загрузка... 21 Август 2025 10:55
WhatsApp_Image_2025_x62daO4.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, музыка искусствосунун доктору (АКШ), эл аралык сынактардын лауреаты жана жогорку категориядагы окутуучу Кайры Кошоева он жылдан ашык убакыттан бери АКШда жашап, дүйнөлүк сахналарда концерт коюп, жаш музыканттарды окутуп келет.

Ал "Кабар" агенттигине берген маегинде чыгармачылыгындагы устаттарынын ролу, сынактардагы кыйынчылыктар, кыргыз музыкасына дем берүү жана Кыргызстандын маданий турмушуна жаңы долбоорлорду алып келүү пландары тууралуу айтып берди.

- Музыка сиздин жашооңуздун маңызы болорун алгач качан түшүндүңүз?

- Сүйүктүү окутуучум Фаина Ефимовна Хармацты укканда биринчи жолу музыка мен үчүн абдан маанилүү экенин түшүндүм. Ал мени аткаруучулук, окутуучулук чеберчилиги жана таланты менен шыктандырды. Белла Михайловна Зубок өзүнүн көңүл буруусу, аяр мамилеси менен мага музыкага болгон сүйүү, бардык билимимдин башаты болгон негизги пайдубалды берди.

- Лазар Берман жана Бэлла Зубок баш болгон мугалимдериңиз жана устаттарыңыз сизге кандай таасир беришти?

- Окутуучуларымдын ар бири менин чыгармачылык жолумдун калыптанышына өз таасирин тийгизишти жана алардын ар бири менин жашоомдо маанилүү орунду ээлейт.

Менин музыка багытындагы тарыхым "фортепиано" адистиги боюнча биринчи мугалимим Бэлла Михайловна Зубок менен башталган. Ал мени музыка сабаттуулугу менен тааныштырып, алгачкы сабактардан тартып чоң сүйүү менен музыка дүйнөсүнө жолумду ачты. Бул эскерүүлөр мен үчүн абдан маанилүү: ал мени өзгөчө камкордук менен биринчи ноталардан жогорку искусствону түшүнүүгө жетеледи.

Андан кийин менин жашоомдо Фаина Ефимовна Хармац жана анын жолдошу, белгилүү композитор Михаил Григорьевич Бурштин пайда болду. Анын шыктандырган өнөрү, аткаруучулук чеберчилигинин тереңдиги жана энелик мамилеси менин музыкага болгон сүйүүмдү эки эсе арттырып, алдыга өнүгүүгө карай каалоомду бекемдеди. Мен үчүн Бурштиндин эмгектери заманбап композиторлордун чыгармаларынын ичинен биринчи аткаруум болду. Ошондой эле анын кыргыз музыкасы "Маш Ботой" же Атай Огомбаевдин "Эсимде" аттуу белгилүү ырына транскрипциялары фортепиано үчүн иштелүүдө.

Менин музыкант катары калыптанышымда Вера Борисовна Носина өзгөчө орунду ээледи. Анын Бахтын музыкасын интерпретациялоосу ушунчалык ынанымдуу жана чын дилден болгондуктан, музыкант болгум келерине эч кандай шек санаган эмесмин. Москвада окуп жүргөн жылдары анын сабактары чыныгы ачылыш болгон: ал өзүнүн энергиясын жана эмоционалдуулугун азыркы учурга чейин сактала тургандай кылып жеткирүүнү билген!

Кийин Америкада профессор Моник Дюфилдин педагогикасы менен тааныштым. Анын кайталангыс таланты, мыкты аткаруусу менин чыгармачылык жолумдун жаңы жана жаркын этабы болду.

Лазар Бермандын фигурасы көзгө урунат. Мен анын Германиянын Веймар шаарындагы окутууларына катышып, анын инсан катары калыптанган деңгээлине таң калдым. Бул дүйнөлүк деңгээлдеги музыкант, ал архитектуралык курулушту куруп жаткандай эле бир нече мүнөттө чыгарманын формасын так, логикалык түрдө шыктануу менен оңой эле кура алат.

Акыры менин докторантурадагы профессорум Роберт Вайректин чыгармалар менен иштөө чеберчилиги, музыканы кеңдиги жана тереңдиги менен туюп, уга билген жөндөмү мага чоң таасирин тийгизди.

Бул мугалимдердин ар бирине менин чыгармачылыктагы өнүгүүмө кошкон салымы үчүн чексиз ыраазымын.

- Эл аралык сынактардын ичинен сиз үчүн кайсынысы маанилүү болду?

- Эл аралык сынактардын ар бири менин чыгармачылыгыма өз таасирин тийгизе алды. Анткени, ар бир сынактан кандайдыр бир тажрыйба топтой аласың.

- Сиз үчүн сынактык программа аткаруу кыйынбы же жеке концерт коюубу?

- Сынакта чыгарма аткаруу кыйын, анткени программа белгилүү деңгээлде болушу керек, атайын талаптар болот жана калыстар тобу бар. Жеке концерттерге катышуунун да өзүнүн кыйынчылыктары бар, анткени программа болот, көрүүчүлөр да калыстар тобундай эле.

- Сиз чыгарма аткарган ар кайсы өлкөлөрдө музыка угуучулар эмнеси менен айырмаланат?

- Негизинен бардык жерде угуучулар бирдей деп айтар элем, балким КМШ өлкөлөрүндөгүлөр АКШгыларга караганда токтоо болушат, бирок бул менин жеке оюм.

- Кыргызстан менен Россияга салыштырмалуу АКШдагы музыкалык билим берүүнүн кандай өзгөчөлүктөрүн көрө алдыңыз?

- Мен Кыргызстан, Россия жана АКШдан билим алгам. АКШда академиялык предметтер көп болчу, анткени мен "аткаруу чеберчилиги" боюнча докторлугумду жактоо үчүн алектенип жүргөн элем. Кыргызстанда жана Москвада аткаруучулук чеберчиликке жана кеңири репертуарга көбүрөөк убакыт бөлүнгөн, ал эми штаттарда бир топ илимий иштер, жеке жана камералык искусство боюнча да концерттер болгон.

- Окуучуларыңызда кандай сапаттардын болуусуна аракет кыласыз?

- Шакирттеримди профессионалдуулукка гана эмес, боорукердик, кайрымдуулук, мекенчилдик сыяктуу адамдык сапаттардын болуусу үчүн тарбиялоого аракет кылам.

- Өзгөчө жеке сезим менен аткарган чыгармаларыңыз барбы?

- Мен аткарган чыгармалар көп сезимдерди жараткандыктан, бир гана чыгарма жөнүндө айтуу мага кыйынга турат, бирок, кыргыз элинин бир чыгармасын белгилесем болот – бул “Маш ботой” чыгармасы. Бул Израилге кеткенге чейин Фрунзеде туулуп-өскөн, белгилүү кыргыз композитору Михаил Бурштиндин фортепиано үчүн транскрипциясында Атай Огонбаевдин чыгармасы. Иоганн Себастьян Бахтын “Голдберг Вариациялары” жана албетте, Сергей Рахманиновдун фортепиано жана оркестр үчүн үчүнчү концертин айтпай коё албайм.

- Кыргызстанга келип турасызбы жана өлкөнүн музыкалык маданиятын өнүктүрүүгө кандай салым кошкуңуз келет?

- Мүмкүн болушунча Кыргызстанга тез-тез келип, музыканттарыбыз менен биргелешкен жана жеке концерттерди коюп, мастер-класстарды бергенге аракет кылам.

- Жакында сизди кандай чыгармачылык долбоорлор күтүп турат?

- Жакын арада Кыргызстанда жаңы “Karakol Music” фестивалынын уюштуруучулары менен концерт коюу пландалууда.

Биография

Кайры Кошоева – КР эмгек сиңирген артисти, музыкалык искусствонун доктору (АКШ), эл аралык сынактардын лауреаты, жогорку категориядагы окутуучу (АКШ).

Кайры Кошоева 2015-жылдан бери New School for Music Study (Музыка изилдөө боюнча жаңы мектеп) факультетинде эмгектенет. Ал Канзас-Сити шаарындагы Миссури университетинен музыкалык искусствонун доктору (Doctor of Musical Arts) даражасын, Москвадагы Гнесиндер атындагы Россиялык музыка академиясынан бакалавр жана магистр даражаларын, ошондой эле АКШнын Огайо штатындагы Оберлин музыкалык консерваториясынан артисттин дипломун (Artist’s Diploma) алган.

Доктор Кошоева дүйнөнүн ар кыл жерлеринде жогорку сыйлыктарга ээ болгон. Анын ичинде Виченцадагы (Италия) Эл аралык фортепиано сынагы, Париждеги Н.Рубинштейн атындагы сынак, 2004-жылы Москвада өткөрүлгөн Рахманинов сыйлыгынын алтын медалы жана Нью-Йорк штатындагы Чатокуа музыкалык фестивалынын концерттик конкурсу сыяктуу биринчилик сыйлыктар бар.

Ал Белла Зубок, Фаина Хармац, Михаил Бурштин, Вера Носина, Моник Дюфиль жана Роберт Вайрек сыяктуу белгилүү музыканттардан билим алып, Веймар шаарындагы (Германия) Лазар Берман устаттык класстарында тажрыйбасын өркүндөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон.

Доктор Кошоева Израил, Франция, Германия, Россия, Түркия, Швейцария жана АКШда концерттерде сахнага чыккан. Ал Канзас-Сити симфониялык оркестри, Чатокуа музыкалык фестивалынын оркестри, Кыргызстандын Улуттук филармониялык симфониялык оркестри, ошондой эле Хьюстон жана Джефферсон-Сити шаарларынын оркестрлери менен солист катары өнөктөш болгон. Мындан тышкары, Москвадагы Cantus Firmus камералык оркестри менен да чогуу концерт берген.

Доктор Кошоева Owen/Cox Dance Group бий тобу менен чыгармачылык кызматташтыгы үчүн да олуттуу сыйлыктарга ээ болгон.

2013-жылы ага "КР эмгек сиңирген артисти" наамы ыйгарылган.

2019-жылы Карнеги-холлдо (АКШ) өткөн иш-чарада Улуу Британиянын Королдук музыкалык академиясы ага Teacher of Distinction (Жогорку категориядагы окутуучу) наамын тапшырган.

2020-жылы Москва шаарында өткөн Musica Classica эл аралык конкурсуна катышып, биринчи орунду жеңип алган.

Аны 2023 жана 2025-жылдары АКШнын Иллинойс штатынын Чикаго шаарында өткөн Улуттук фортепианолук педагогика конференциясынын (NCKP) алкагында өтүүчү Piano Stories on Stage ("Сахнадагы фортепиано тарыхтары") концерттик сериясына конок артист катары чакырышкан.