Мас абалында унаа башкарган 560 айдоочу кармалды: Рейддин жыйынтыгы

Укук тартиби Загрузка... 06 Апрель 2026 12:25
1077235940_0_66_1281_786_1920x0_80_0_0_ffb21f8dceec82404745ab1d5bca1257.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 06.04.26. /Кабар/. ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Бишкек – Ош жана Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолдорунда масштабдуу профилактикалык иш-чараларды өткөрдү.

Мекемеден билдиришкендей, текшерүүнүн жүрүшүндө айдоочулар тарабынан ылдамдыкты олуттуу ашыруу фактылары катталган. Маселен, Бишкек – Нарын – Торугарт жолунун Бообек айылындагы тилкеде айдоочулар ылдамдыкты ашырып айдап жатышканы аныкталды:

  • калктуу конуштарда унаанын максималдуу ылдамдыгы — 60 км/саат;
  • калктуу конуштардан тышкары — 90 км/саат.

Бир жумалык рейддин жыйынтыгы:

Жалпысынан 28 255 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталып, төмөнкүдөй көрсөткүчтөр катталды:

  • 3 159 — тиешелүү документтери жок унаа башкаруу;
  • 3 105 — белгиленген ылдамдыкты ашыруу;
  • 2 266 — жөө жүргүнчүлөр тарабынан жасалган эреже бузуулар;
  • 560 — мас абалында унаа башкаруу;
  • 185 — терезелерди мыйзамсыз караңгылатуу;
  • 10 804 — башка эреже бузуулар.

Рейддин алкагында 4 320 автоунаа убактылуу токтотуучу айып короосуна токтотулду.