15-апрелде Жогорку Кеңеш жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды. Документте айрыкча, мас абалда унаа башкарган учурларда жаза чараларын катаалдаштыруу каралган. Ошондой эле айдоочулук укуктан ажыратуу тартибин тактоо, жол эрежелерин бузуу фактыларын жана транспорт каражаттары менен мопеддерди каттоону жөнгө салуу маселелери камтылган. Мыйзам долбоору учурда өлкө башчысынын кароосуна жөнөтүлдү.
Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) маалыматына ылайык, оор жол кырсыктарынын негизги себептерине - унааны мас абалда же баңгизаттарды колдонуп башкаруу, ылдамдыкты ашыруу, эрежелерди бузуу жана жаза чараларынын жетиштүү деңгээлде колдонулбаганы кирет.

ЖКККББ сунушталган бул өзгөртүүлөр жол эрежесин бузууга карата катуу жоопкерчиликти, анын алдын алуу таасирин күчөтүүнү көздөөрүн билдирет. Бул жерде басым өзгөчө мас абалында унаа айдагандарга жасалат.
Аталган башкармалыктын маалыматына ылайык, январь-март айларында өлкөдө 1150 жол кырсыгы катталып, жабыркагандардын саны 1482ни түзгөн. Ал эми 2025-жылдын ушул эле мезгилинде 1518 жол кырсыгы катталып, 2261 адам жабыркаган. Жол кырсыктарынын саны азайганына карабастан, андан жабыркагандардын деңгээли дагы эле жогору бойдон калууда. Анткени, жабыркагандардын саны мурдагыдай эле миңдеп саналууда.

Сунушталган мыйзам долбоору жол кыймылынын коопсуздугу тармагындагы жөнгө салууну комплекстүү түрдө күчөтүүгө жана жаңылоого багытталган. Анын негизги максаты - жол кырсыктарынан каза болгондордун жана жаракат алгандардын санын азайтуу, андагы дисциплинаны жогорулатуу, жазага тартуу принцибин күчөтүү, ошондой эле мыйзамдарды заманбап шарттарга, анын ичинде санариптештирүүгө жана жаңы пайда болгон транспорт каражаттарына ылайыкташтыруу. Бул реформа системалуу мүнөзгө ээ болуп, өзүнө кылмыш-жаза, административдик жана тиешелүү тармактык мыйзамдарды камтыйт.
Буга карата кылмыш жана жаза мыйзамдарында олуттуу өзгөртүүлөр сунушталууда. Негизги басым жол эрежелерин бузуп, оор кесепеттерге алып келген учурларда жоопкерчиликти күчөтүүгө жасалган. Зыяндын деңгээлине - ден соолукка келтирилген залал же адам өлүмүнө жараша жаза чараларын так бөлүштүрүү каралууда. Ошондой эле мас абалда жасалган кылмыштар өзүнчө оорлотуучу жагдай катары каралып, мындай учурларда жаза дагы катаалдаштырылары белгиленди. Айрыкча, мас абалда жасалган кылмыштар үчүн эркинен ажыратуунун мөөнөтү 10-12 жылга чейин жетиши мүмкүн. Мындан тышкары, айдоочулук укуктан узак мөөнөткө ажыратуу жана айрым кызмат орундарын ээлөөгө тыюу салуу сыяктуу кошумча чектөөлөр да киргизилет. Ошол эле учурда, бир катар оор кылмыштар боюнча тараптардын элдешүүсү аркылуу кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу мүмкүнчүлүгү чектелип, жазаны сөзсүз колдонуу принциби күчөтүлөт. Бирок пробация эрежелери сакталып, ал жеңил жана анча оор эмес кылмыштарга карата колдонулуп, эң кооптуу укук бузууларга карата колдонулбайт.

Административдик мыйзамдарда да жоопкерчиликти күчөтүүгө жана көзөмөл механизмдерин кеңейтүүгө багытталган комплекстүү чаралар сунушталууда. Административдик камакка алуунун максималдуу мөөнөтүн узартуу, мас абалда унаа башкарган учурларда, медициналык кароодон өтүүдөн баш тартканда жана айдоочулук укугу жок туруп унаа башкарган учурда жаза чараларын катаалдаштыруу каралууда. Ошол эле учурда айдоочуларга таасир этүү механизмдери да кеңейтилет. Алардын катарына айдоочулук күбөлүктү убактылуу алып коюу, керектүү документтер жок учурда унаа башкаруудан четтетүү, ошондой эле жол кыймылынын эрежелерин кайра тапшырууга жөнөтүү мүмкүнчүлүгү кирет.
Санариптештирүү процесстерине да өзгөчө көңүл бурулган. Мыйзам долбоору укук бузууларды автоматтык түрдө каттоочу системаларды толук кандуу далил катары колдонууга бекемдейт. Ошондой эле эреже бузуу катталган учурда айдоочунун катышуусуз эле электрондук форматта токтом чыгаруу мүмкүнчүлүгү жана мамлекеттик маалыматтык системалар менен интеграциялоо каралган. Мындан тышкары, заманбап кабарлоо ыкмалары - мобилдик тиркемелер, электрондук почта жана СМС аркылуу маалымдоо киргизилет. Бул чаралар мыйзамды колдонууда ыкчамдуулукту жогорулатып, ачык-айкындуулукту камсыз кылууга багытталган.
Өзүнчө бөлүк катары жол кыймылы жөнүндө мыйзамды жаңылоо каралууда. Анда негизги түшүнүктөр такталып жана кеңейтилүүдө. Жол кыймылынын катышуучуларынын негизги категориялары жана транспорт каражаттары боюнча аныктамалар так көрсөтүлөт. Ошондой эле электросамокаттар жана башка ушуга окшош жеке мобилдик каражаттарды колдонуу биринчи жолу системалуу түрдө жөнгө салынат. Транспорт каражаттарын каттоого коюлган талаптар күчөтүлүп, бардык механикалык каражаттарды милдеттүү түрдө эсепке алуу каралууда. Мындан тышкары айдоочуларга карата кошумча талаптар - жаш курак, айдоо тажрыйбасы жана башкарууга уруксат берүү шарттары киргизилет. Маанилүү жаңылыктардын бири - төлөнбөгөн айып пулдары бар болсо, айдоочулук күбөлүк берүүдөн баш тартуу мүмкүнчүлүгү. Бул административдик жазаларды аткарууну камсыз кылууга кошумча механизм болуп эсептелет.

Жалпысынан бул мыйзам долбоору эң кооптуу укук бузуулар үчүн, өзгөчө мас абалда унаа башкарууга байланышкан учурларда жоопкерчиликти күчөтүү сыяктуу негизги багыттарды камтыйт. Көзөмөлдүн санариптик каражаттарын активдүү колдонууга негизделген технологиялык моделге өтүү; мыйзам бузгандарга карата административдик чараларды күчөтүү; ошондой эле транспорт чөйрөсүндөгү заманбап реалдуулукка мыйзамдарды ылайыкташтыруу.
Сунушталган өзгөртүүлөр ишке ашса, жол кырсыктарынын саны кыскарып, жол коопсуздугу жогорулайт. Ошондой эле айып пулдарды жыйноо тартиби жакшырылып, башкаруу системасынын натыйжалуулугу артат деп күтүлүүдө. Бирок ошол эле учурда сот системасына түшкөн жүктүн көбөйүшү, санариптик инфраструктуранын ишенимдүү иштешин камсыздоо зарылдыгы жана жол эрежелеринин автоматтык түрдө катталышына байланыштуу талаш-тартыштардын жаралышы сыяктуу айрым кыйынчылыктар да болушу мүмкүн.
Жыйынтыктап айтканда, бул мыйзам долбоору жол кыймылын көзөмөлдөөнүн кыйла катуу, технологиялык жана борборлоштурулган системасын калыптандырууга багытталган масштабдуу реформа болуп эсептелет. Ал эң кооптуу укук бузуулардын алдын алууга жана мыйзамды ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатууга негизги багыт катары карайт.