Бишкек, 03.10.25. /Кабар/. Улуу Британиянын Манчестер шаарындагы синагогага жасалган кол салуудан эки адам каза болду. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.
Маалыматка ылайык, окуя күн мурун Крампсал шаарындагы Миддлтон Роудда жайгашкан Хитон Парк синагогасынын жанында болгон. Күбөлөрдүн айтымында, унаа бир нече адамды сүзүп өткөн, андан соң бир адам бычакталган.
Кол салуудан кийин полиция шектүүгө ок чыгарган. Окуяга байланыштуу Манчестердин мэри Энди Бернхэм бул окуяны олуттуу деп мүнөздөп, бирок полициянын ыкчам аракети менен кырдаал көзөмөлдө экенин билдирген.
The Daily Telegraph басылмасынын маалыматына караганда, укук коргоо органдары бул кол салууну теракт катары карап жатышат.
Окуядан улам Улуу Британиянын премьер-министри Кейр Стармер Даниядагы эл аралык саммитке катышуусун токтотуп, өлкөгө шашылыш кайтып келүүнү чечкенин Sky News маалымдаган.