"Манас" улуттук академиясын өнүктүрүү боюнча семинар өттү

Маданият 08 Август 2025 12:15
IMG_0056.JPG
IMG_9954.JPG
IMG_9991.JPG
IMG_9961.JPG
IMG_9931.JPG
IMG_0143.JPG
IMG_0118.JPG
IMG_0096.JPG
IMG_0049.JPG
IMG_0014.JPG
IMG_0011.JPG
Алдыга
Артка
IMG_0056.JPG
IMG_9954.JPG
IMG_9991.JPG
IMG_9961.JPG
IMG_9931.JPG
IMG_0143.JPG
IMG_0118.JPG
IMG_0096.JPG
IMG_0049.JPG
IMG_0014.JPG
IMG_0011.JPG
Алдыга
Артка
copyright icon "Манас" улуттук академиясы

Бишкек, 08.08.25. /Кабар/. "Манас" улуттук академиясын стратегиялык өнүктүрүү боюнча семинар өттү. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.

Семинарга "Манас" улуттук академиясынын вице-президенти Назира Аалы кызы, КР эл артисти, Улуттук кеңештин мүчөсү Түгөлбай Казаков, акын, журналисти, котормочу жана коомдук ишмер Жыргылбек Касаболотов, белгилүү манасчы Самат Көчөрбаев, ошондой эле академиянын кызматкерлери, манас таануучулар, жогорку окуу жайдын мугалимдери жана "Манас" эпосуна кызыккан жарандар катышты.

Иш-чаранын негизги максаты академиянын келечектеги ишмердүүлүгүн тактоо жана өнүктүрүү жолдорун белгилөө болду.

Семинарды Улуттук кеңештин мүчөсү Аймен Касенов менен стратегиялык пландоо боюнча эксперт Азамат Дыйканбаев алып барышты. Алар катышуучулар менен биргеликте академиянын ролу, келечектеги багыттары жана коомдогу орду тууралуу пикир алмашып, жаңы идеяларды талкуулашты.

Жыйынтыгында катышуучулар академиянын стратегиялык багыттарын өркүндөтүү боюнча сунуштарын билдиришип, “Манас” эпосунун изилдөөлөрүн жана окутуу системасын мындан ары дагы тереңдетүү зарылдыгын белгилешти.